Адам өмүрүнө суук колун салган ар кандай коркунучтуу дарттар жыл сайын жашарып баратканын дарыгерлер коңгуроо кагып келишүүдө. Акыркы убактагы экологиянын бузулушубу же башка да себептер барбы, ички органдары жабыркап, аны алмаштырууга аргасыз кылчу дартка кириптер болгондордун саны тилекке каршы көп. Акыркы маалыматтарга караганда, өлкөбүздө боор жана бөйрөгүн трансплантация жасаткан (алмаштырган) жарандардын саны орто эсеп менен 510дон ашты, анын 22си 18 жашка толо элек өспүрүмдөр жана наристелер. 145 адам боорун алмаштырса, 356 адам бөйрөгүн алмаштырууга аргасыз болгон.
Мындай операциялар Кыргызстанда жасалбайт, дартка чалдыккандар чет өлкөгө барышып, кымбат операцияга макул болуудан башка жол табышпайт. Бул жерде операциянын чыгымына кошумча жол кире табуу, чет өлкөдө бейтап жакшы болгуча ал жана аны караган адамдын жашап туруусуна да каражат керек. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө Кыргызстанда орган алмаштыруу операциясынан кийинки медициналык кароо жана реабилитациялоо жаатында түзүлгөн абал өтө оор болуп турат. Гепатиттин түрү күчөп отуруп, акырында боордун кургап кетүүсү - цирроз дартына чалдыккан жарандарыбыздын саны 5 жүз миңден ашты. Ага карабай мамлекетибизде атайын гепаталогия борбору да жок. Ошол себептен биздин жарандарыбыз толук кандуу дарыланбай, боорун алмаштырууга чейин барып жатышат. Кээ бир оорулуулар керектүү суммадагы акчаны таба албай калгандыктан, бул дүйнө менен кош айтышты.
Медицинада бул жаатта кандай көйгөйлөр бар? Оор дартка чалдыккан адам жаны менен алектенүүдөн сырткары дагы кандай маселелерге туш болот? Биз муну тизмектеп көрүүнү туура таптык.
1. Дары-дармек менен камсыздоо.
Оорулуулар муктаж болгон дары-дармектердин бардыгы чет өлкөдөн алынып келинет. COVID-19 пандемиясына байланышкан чектөөлөрдөн, авиакаттамдардын жабылуусунан улам өмүрлүк керектелүүчү дары-дармектер акыркы 10 айдан бери өлкөбүзгө келбей жатат. Атап айтсак Энтекавир, Тенвир, Тенофовир, Софосбувир, Даклотасвир, Ледипосфир ж.б.
Белгилей кетчү нерсе, аталган дары-дармектер дарыканаларда жок, оорулуулар арасында таңкыс болуп жаткандыктан колдон сатып алууга аргасыз болуп жатышат. Баалары өтө эле кымбат, мисалы: Софосбувир-Даклотасфир-Ледипосфир (1 айлык курс, 28 таблетка) 8000-18000сом, Энтекавир (1 айлык курс, 30 таблетка) – 1800-4000 сом, Тенофовир (1 айлык курс, 28 таблетка) 1900- 3000 сомду түзөт. Бул дары-дармектердин бирөөсү эле жок болуп калса оорулуу адам өлүп калышы да мүмкүн. Себеби, аталган дарылар вируска каршы туруучу препараттар. Таңкыстыктан акыркы 3-4 айда ондогон жаран көз жумду. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан бул дарыларды алып келүү иштери уюштурулган эмес.
2. Жеткиликтүү жана сапаттуу лабораториялык тесттердин жоктугу.
Трансплантация жасаткан пациенттер операциядан кийинки алгачкы 3 айда жумасына 1 жолу, андан кийин 1 айда 1 жолу атайын лабораториялык изилдөөдөн (тесттерден) өтүп туруусу зарыл. Учурда өлкөбүздөгү жеке лабораторияларда бир тесттин баасы орточо эсеп менен 6000-8000 сомду түзөт. Такролимус, Циклоспорин деген анализдер өзү эле 1600дон-4400сомго чыгат. Мындан сырткары, өлкөбүздөгү жеке лабораториялардын анализдери кымбаттыгына карабай көп учурда сапатсыз, туура эмес чыгып калат. Бейтаптын акыбалы керектүү анализдер менен так аныкталбагандыктан иче турган дарылардын дозасын туура ичпей калып, кээде көбөйтүп же азайтып жибергендиктен алмаштырган орган четке кагуу (отторжение) берип каза болгондор да көбөйүүдө.
3. Операциядан кйиинки кароо жана реабилитация.
Орган алмаштырган адамдар өмүр бою атайын даярдалган адистердин көзөмөлүнө муктаж. Орган алмаштыргандан кийин пациент башка ооруга чалдыгып калса, аларды өздөрүнүн күнүмдүк ичип жаткан дарыларын эске алып, туура дарылоого өлкөбүздүн медициналык адистери толук даяр эмес. Өлкөбүздө трансплантация болгондорду реабилитациялоо үчүн шарт такыр түзүлгөн эмес жана тиешелүү медициналык адистерибиз жокко эсе. 2003-жылы түзүлгөн Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо Илимий-изилдөө институту трансплантация медициналык практикасын толук кандуу алып баралбагандыктан бир гана жүрөк ооруларына багытталып, калган оорулуулар көңүл сыртында калууда. Кыргызстанда тез арада трансплантация болгон жарандарды реабилитациялоо жана гепаталогия бөлүмдөрүн ачуу, медициналык адистерди чет мамлекеттен мамлекеттин эсебинен тажрыйба алмаштырып, окутуп келүү учурдун чукул талабы.
Ал эми реабилитация бөлүмүн ачууга кандай медициналык жабдыктар керек болуучу медициналык жабдыктар төмөнкүлөр:
1. Фиброскан;
2. Видеогастроскоп;
3. УЗИ аппараты;
4. Компьютердик томография;
5. ИФА (имунноферменттик анализ) аппараты;
6. ПЦР-изилдөө аппараты;
7. Клиникалык-биохимиялык лаборатория;
Буул жабдуулардын жоктугунан тилекке каршы ондогон оорулуу жарандардарыбыз көз жумушту.
Мына, ушул көйгөйлөрдү жана сунуштарды эске алуу менен мен Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Нургожоевич Жапаровка кайрылам.
Урматтуу Садыр Нургожоевич,
бүгүнкү күндө чет өлкөдөн боор, бөйрөк органдарын алмаштырып (трансплантация) келген оорулуу жарандарыбыздын саны 510дөн ашты. Ушул категориядагы жарандарыбыздын учурдагы акыбалы өтө оор. COVID-19га карата жарыяланган карантиндин негизинде чет мамлекеттерден келүүчү вируска каршы туруучу өмүрлүк маанилүү дарылары 10 айдан бери келбей жатат.
Экинчи көйгөй, операциядан кийин бул бейтаптарды атайын реабилитациялоочу бөлүм ачылган эмес жана даярдалган медициналык адистер бөлүнбөгөн. Реабилитация жоктугуна байланыштуу азыркы таркап жаткан COVID-19 жана грипп илдетине кабылган бир канча жарандарыбыз бул дүйнө менен кош айтышты. Бул өтө коркунучтуу жана өкүнүчтүү жагдай. Дагы да ооруп өз алдынча даарыланып жаткандары өтө көп. Садыр Нургожоевич, биз да жашоого үмүт менен трансплантация жасатканбыз жана жашагыбыз келет.
Жогорудагы көрсөтүлгөн көйгөйлөрүбүздү туура түшүнүп, тийиштүү жетекчилерге тапшырма берип, тез арада биздин маселелерибизди чечип берет деп Сизге ишенебиз жана суранабыз.
Канымбү Карабаева, “Трансплантация - жаңы жашоо” коомун уюштуруучу
Булак: "Майдан.kg" газетасы