Печать
Категория: Коом
Просмотров: 253

Эгерде экс-президент С.Жээнбековго чейинкилер мурда ар кандай айыптоолор менен камалган саясатчыларды бийлик алмашары менен бошотуп жибергенди адатка айландырып, коомдо укуктук нигилизмди бекем орнотконго гана кызмат кылышса, мурдагы президент андай көрүнүшкө чек койгондугун жакшы билебиз. Сооронбай Жээнбеков бийликке келгенде Ө.Текебаев, Б.Асанов, Д.Чотонов, Б.Талгарбеков сыяктуу саясатчылар камакта эле. Жаңы президент камалгандарды бошотуп, аларга жана алардын тарапташтарына дароо жакшы көрүнүп, бекер упайга ээ болгусу келбеди. Ал “бардыгы  укуктук эволюциялык нукта гана чечилиши” керектигин  айтты. Чындыгында эле бийлик алмашкан сайын мурдагы Союздун 1953-жылындагыдай болуп, саясый куугунтук жегендерге кошо жемкорлор, мамлекеттик мүлккө зыян келтиргендер, бандиттер ж.б. деле бошотула берсе, анда мыйзамдуулук деле саясатка айланып, кайда жетелесе ошол жакка кете берген буйлаланган төөгө айланып кетпейби.

      Байыркы гректер “бүткүл дүйнө бүлүнсө да мыйзамдуулук өкүм сүрсүн” дешкен. Бул, мүмкүн, ашкере, так кесе айтылган жыйынтыктыр, бирок кеңири караганда анын чындыгы, зарылдыгы анык болот. Анткени, мыйзамдуулукка, тартипке баш ийбеген коом тез эле жунглинин мыйзамы менен жашаганга өтүп, андан ары бөлүнүп, жарылып, бүлүнүп барып кыйрайт. Ал эми мыйзам, тартип баардыгына бирдей болсо, элдин мамлекетке, бийликке карата ишеними артып, кандай сыноолор болсо да көтөргөнгө даяр турат.

Мамлекеттик бийликтин эл алдындагы эң башкы милдеттеринин бири - жарандарынын коопсуздугун, алардын менчигиндегилердин кол тийбестигин, күнөөкөрлөр үчүн жазанын сөзсүз боло тургандыгын  камсыз кылуу. Ал милдетти аткара албаган бийликтин да, мамлекеттин да эч кимге кереги жок. Мурдагы президент жөнүндө ар кандай сындарды айтса болот, кеткен биринчи жетекчини артынан таш бараңга алмай мурдагы советтик мезгилден бери калыптанган салтыбыз, бирок мурдагы президенттин  алынын жетишинче бардык маселелердин мыйзам жолу менен чечилишине аракет кылгандыгы эч ким тана алгыс факт.

Сооронбай Жээнбеков бийликке келери менен арыз-даттануулар менен иштөөнү кескин жакшыртты. Мурдагы бийликтин убагында жабылган, убактылуу токтотулган 2300гө жакын кылмыш иши кайра ачылып, анын 1,5 миңге жакыны боюнча тергеп-тескөө иштери кайра жандандырылды. Алардын негизинде 10го жакын судья, 20га жакын прокуратура кызматкерлери кызматтарынан алынып, 100гө жакын иш боюнча соттук кайра кароолор өткөрүлдү. Мына ошолордун биринде экс-биринчи айымдын активдүү катышуусунда кытайлык ишкерлердин көп батирлүү көп кабаттуу турак жай комплекси мыйзамдарды бурмалоо аркылуу  рейдерлик жол менен тартылып алынып, аларга 10 миллион долларлык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Эмне дебейли, С.Жээнбеков мыйзамдуулуктун саясый кампаниялардын бир бөлүгүнө айланып кетүүсүнө жол бербеди. Ал 5-6-октябрда, андан кийинки убактарда да башкалар да мыйзамдуулукту сакташат, аны аттап кетишпейт деген ишеничте  туруп, стихиялуу күчтөрдүн сүрүндүсүндө  бийликтен четтетилди.  

Күнөөлүүлөр жазаланбаса, талап-тоноолор эртең эле кайталанат

Дүйнөдө мыйзамдуу революция жана мыйзамдуу сарайлык төңкөрүш болбойт. “Мы, Главы государств членов Организации Договора о коллективной безопасности,- деп билдиришкен  ЖККУнун саммитинин катышуучулары 2010-жылы, - с  обеспокоенностью  восприняли события апреля, с.г. в Кыргызской Республике, приведшие к неконституционной смене власти”.  Өнөктөштөрүбүз минтип  нааразы болушкан менен  2010-жылдын 7-апрелиндеги төңкөрүштө бийликке келгендер өлкөнү мыйзамдык алкакка  кайра киргизүү үчүн жан аябай аракеттенишип, акыр аягында өз бийликтерин  дүйнөлүк  цивилдүү  дүйнөнүн алдында легитимдештирүүгө жетишкен.

Кыргызстандын азыркы бийлигинин алдында да мыйзамдуу жолго түшүүдө көп көйгөйлөр турат. “Анда болуп жаткан окуялар Кыргызстандын жана кыргыз элинин шору, - деди ал жөнүндө  Россиянын президенти В.Путин “Валдай” дискуссиялык клубунда сүйлөгөн сөзүндө. – Бул өлкөдө болуп жаткандарды аёо жана кооптонуп караганыбыз менен биз айрым саясый күчтөрдү колдоп жана кеңеш, акыл айтып кийлигишпейбиз”. Ооба, өнөктөш болсо да башка өлкөнүн биздин ички иштерибизге кийлигишпегендиги туура. Бирок, азыркылар  алыскы-жакынкы өнөктөштөр ички иштерибизге кийлигишпейт экен деп эле ойлоруна келгендерди жасай беришпестен, мыйзамдуулукту бекем орнотууга  жан үрөп киришүүлөрү зарыл. Ал үчүн биринчи кезекте мындан ары өлкөнүн өнүгүүсүн аракеттеги мыйзамдарга шайкеш келтирилиши, 5-6-октябрда болгон  талап-тоноолорго, кыйратууларга жана өрттөөлөргө укуктук баа берилиши керек. “Биз ушулардын аркасы менен түрмөдөн бошонуп, эң жогорку бийликтерге келдик” деп аларды жөн койгон   укуктук нигилизмдин эң төмөнкү чеги болуп калат. Зыянга учурагандар  алардын ата-бабаларынан мураска калган мүлктөр эмес. Алар - элдин, мамлекеттин мүлктөрү. Мамлекеттин мүлкүнө, байлыгына мамлекеттик деңгээлде мамиле болушу зарыл. Ыгы келгенде мурдагы  президенттин дарегине айтылчу дагы бир жакшы сөз, ал көп жагынан өзүн бийликке алып келгендерге майлуу-сүттүү кызмат орундарын ыроолобогондорунан  улам ушундай акыбалга учурады. Ал эми азыр кадр саясаты өтө эле опурталдуу жагына ооп баратат.

 5-октябрда Өкмөт үйү басылып алынып таланды, тонолду, өрттөлдү. Андай көрүнүштөр  айрым жерлерде кийинки күндөрү  да улантылды. Ак үйгө келтирилген зыяндардын  жалпы көлөмү 450 миллион сомду түзгөнүн депутат Акылбек Жапаров билдирди. Ал иштегендердин айтымдарында, эшиктерди талкалап кабинеттерге киргендер көтөрүп кете тургандардын баарын талап-тоношуптур,  көтөрүп кете албагандарын талкалашыптыр.  Муздаткычтардын эшиктерин жулуп ыргытып, камераларын жара–жара тебишип, от коюшуптур. Компьютерлердин мониторлорун  майдалап, тебелешиптир. Бир гана нерсе, айрым кабинеттердин шкафтарында турган  жакшы китептерди гана алып кетишпептир. Сыягы, Ак үйдү талкалагандардын арасында китепке кызыккандар таптакыр болбосо керек.

 Мейли, Ак үй  бийликтин жайы, символу экен. Бирок, тополоңдордо 25 миллион долларлык  зыян тарткан “Жерүйдүн”, көчөлөрдө  өрттөлгөн  35 автоунаанын, Ала-Букада өрттөлгөн алтын комбинатынын  ж.б. саясатка, бийликке  кандай тиешеси бар? Мында эң кейиштүүсү, ошол тополоңдордо  жарадарларды ташып жүргөн 5 “тез жардам” автоунаасы да өрттөлүп, медиктери сабалды. Мындай көрүнүштөрдү эч кандай шылтоо менен актаганга, жактаганга  болбойт. Буларга сөзсүз укуктук баа берилип, мамлекетке, жекече компанияларга келтирилген зыяндар күнөөлүүлөрдөн өндүрүлүшү керек. Конкреттүү адамдар, топтор жасаган кылмыштардын  зыяндарын дайыма эле шоркелдей бюджеттин эсебинен жапкан туура эмес. Анткени, 2010-жылдын 7-апрелинде да Ак үйдү талап, өрттөгөндөр жазаланган эмес. Бул жолу да ушул убакка чейин кылмыш иштери козголбоду, эч кармалбады. Ансыз деле өлкөбүздүн бюджети пандемиядан улам очорулуп, таңсыктыгы 30 пайызга жетип, чечкиндүү чаралар көрүлбөсө сазга биротоло батып калганы турат. Эгерде талап-тоногондорго ушундай либералдуу  мамиле боло берсе, мындан кийин да андай көрүнүштөр улантыла берет. Ансыз деле  айрымдар нааразылыктардан, толкундоолордон  чоң, кичине бизнес жасаганды адатка айландырып алышкан.

АШАнын орду түрмөдө

Бир нече күн мурда экс-депутат Аскарбек Шадиевдин, мурдагы президент Алмаз Атамбаевдин коррупция жана мыйзамсыз байуу, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу боюнча кылмыш иштери  соттук кароолорго жөнөтүлдү. Алар Кылмыш-Жазык Кодексинин 43-беренесинин 2-пункту, 319-беренесинин 2-пункту (коррупция), 215-беренисинин 3-бөлүгүнүн 2-пункту (кылмыштуу кирешелерди  легалдаштыруу)  менен айыпталышууда.

Мурдагы президент АШАга булардан сырткары да адам өлтүрүү, кызмат адамдарын барымтага алып, денелерине оор зыян келтирүү, адам өлтүрүүгө аракет жасоо, массалык башаламандыктарды уюштуруу, мамлекеттик бийликти күч менен басып алууга аракеттенүү сыяктуу да айыптар коюлууда. Бирок, ушундай тамга басканга да соо жери калбаган адамды айрымдардын “баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгаруу “ жөнүндө демилге көтөрүшкөндөрү  бир жагынан таң калтырса, экинчи жагынан кыжырлантат. Эгерде жогорудай айыптар тагылып жаткан адамдар үй камагына чыгарыла турган болсо, анда Азиз Батукаевге атайын учак жиберип алдырып, аны Юстиция министрлигине же ГСИНге  жетекчи, А.Шадиевди алып келип Каржы министри кылып дайындоо керек.

Сунуш да, демилге да элди маскаралап, шылдыңдабай, мыйзамдуулукка  түкүрбөй, өз орду жана жолу менен болгону  жакшы. “Мен чоң кызматка келсем эле менин оюма келгендердин баары туура боло берет”- деген туура эмес, Телибай тентектин  жоруктарына окшошуп кетпеши керек.

Укуктун, мыйзамдуулуктун талабы боюнча АШАнын орду абакта гана болушу керек. Анын жоруктары, кылгандары, айткандары, укук коргоо органдарына  жасаган мамилеси  ошого гана татыктуу.

Кудай азыркы бийликтегилерге ыйман берип, иштерин колдосун

Сырттагылар, ичтегилер эмне дешпесин, бирөөлөргө жагабы же жакпайбы, болору болду, боёгу канды.  Кыргызстанда дагы бир жолу тополоң аркылуу бийлик алмашты. Ал да биздин пешенибизге сызылган экен. Аны мыйзамдуулуктун талаасына акыр аягына чейин трансформациялап, цивилдүү жолго салуу үчүн көп аракет, убакыт талап кылынат. Эң биринчи, азыркы бийлик ээлеринде ага карата саясый жана жарандык эрк, каалоо болуусу зарыл.

Азыркы бийликтегилердин элге, мамлекетке каалагандары жакшылыктар, өлкөнү тезирээк кыйынчылыктардан чыгарып, ишенимдүү өнүгүү жолуна салып, элдин турмушун жакшыртуу экендиги эч кимде шек туудурбайт. Ким эле өз элине, мамлекетине жамандык кааласын. Бирок, каалоо менен реалдуу иш аракеттердин ортосунун   алыстыгы, алгылыктуу натыйжаларга жетишүү үчүн бир гана каалоо, максат аздык кылары да айныксыз аксиомалардан. Аларга кошумча кесипкөйлүк, даярдык, тажрыйба, ийкемдүүлүк, калыстык, адилеттик, элди уюштура, тарта билген жөндөм да талап кылынат. Чындыгында алар деле азыркы бийликтегилердин көбүндө бар. Аларга бир гана элдин колдоосу, ишеними  керек болуп турат.  Атаандаш  саясатчылар жумурткадан  кыр издегендей болуп, аларга асылып, ызы-чууларды көбөйтүп, элди чоочутуп, потенциалдуу ички-тышкы инвесторлорду үркүтө бербестен элдин, мамлекеттин кызыкчылыктары үчүн  колдошсо, убакыт беришсе, азыркы кыйынчылыктардан тезирээк чыгып кеткенге бардык  мүмкүнчүлүктөр жетишет. Ал үчүн өлкөдө туруктуулук, тартип гана болушу керек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы