Бул тууралуу Кыргызстандын базарлар ассоциациясынын башчысы Дамира Дөлөталиева Экономика министри Санжар Муканбетов менен жолугушууда билдирди. Аны менен катар Дөлөталиева Кытай менен чек ара ачык экенине карабай жүктөр абдан жай өтүп жатканын белгиледи.
Дөлөталиева ушул себептен сатуунун үч мезгили үзгүлтүккө учурап, төртүнчүсү да ушундай эле коркунуч алдында турганын кошумчалады.
“Биз ӨА киргизүүнү түшүнүү менен кабыл алдык. Бирок азыр абал курчуп баратат, бийлик бизге кагазда гана жардам берүүдө. Соодагерлер мөөнөтсүз митингге чыгууга даяр болуп калды. Алардын көбүндө кредит бар, ишкерлер, жүк ташыгычтар жана соодагерлер аянычтуу абалда. Биз чек арадан өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууну жана товарларды алууга жардам берүүнү гана суранабыз”,- деп билдирди жолугушууда ассоциациянын башчысы.
Дөлөталиеванын билдирүүсүнө Экономика министри Муканбетов мекеме “маселенин тез арада чечилишине кызыкдар”, жана министрлик айыл-чарба продукциясынын чек арадан өтүү алгоритмин Кытай тарап менен бирге кайрадан карап чыгат деп жооп берди.
“Өндүрүштүн жана экспорттук-импорттук операциялардын төмөндөшүнө алып келген негизги факторлор, керектөөчүлөрдүн товарларга болгон суроо-талабы, пандемиянын экономикалык кесепеттери болгон жана аны чечүү жолдорун иштеп чыгуу биздин кызыкчылыгыбызда”,- деди министр.
Ал эми кытай тараптын маалыматы боюнча, 2020-жылдан башынан августка чейин дагы да уланып жаткан коронавирус пандемиясынан улам Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 52%га азайган.
Айтор, өлкөбүздүн базарларын товарлар менен камсыз кылып турган кытай товарларын чек арадан алып өтүү тездетилбесе, бүтүндөй соода-сатык, өндүрүш тармагы “банкрот” болуу алдында турат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы