Бүгүн, 28-октябрда Жогорку Кеңештин жыйынында өкмөт мүчөлөрүн бекитүү маселеси каралууда. Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызматына кечээ вице-премьер-министрлик кызматтан бошогон Аида Исмаилова сунушталууда. Талапкерге депутат Дастан Бекешев бир нече суроо узатты.
Д. Бекешев: -Сиз июль айындагы дарт күчөгөн маалда кандай иштедим деп ойлойсуз?
А. Исмаилова: -ПЦР жана башка медициналык жабдыктарды жасаган эл аралык компаниялар бул жабдыктар менен бүткүл дүйнөнү камсыз кылып жатканда, мен депутат болуп турган кезим эле. Ошондо айткам биз да сатып алып өлкөнү камсыз кылышыбыз керек деп. Сатып алуу үчүн аз дегенде 3 ай кетет. Биз дарт күчөгөн маалда 24 саат бою иштедик.
Д.Бекешев: - Жок, сиз айтсаңыз, ошол учурда кандай иштедим дейсиз? Өз ишмердүүлүгүңүзгө кандай баа бересиз? Анткени эл ошондо өкмөттү таппай калган. Тийиштүү кызматтардын башчылары дайынсыз болуп кетишкен.
А.Исмаилова: -Ошол июль айында...
Д.Бекешев: - Сиз так эле айтып койсоңуз, жакшы иштедим дейсизби же жокпу?
А.Исмаилова: - Эл үчүн жакшы эле иштеп бердим деп айтам.
Д.Бекешев: - Вице-премьер-министрликке баратканда мен сурагам, парламенттик шайлоого катышасызбы деп, сиз ошондо жооп бергенсиз, жок, барбайм деп. А бирок август айында бардыңыз. Азыр да министрликке баратасыз, парламенттик шайлоого катышасызбы?
А.Исмаилова: -Мен биринчиден, социалдык өнүгүү министри болууга эл үчүн иштеш үчүн баратам. Шайлоо тууралуу сурап атасыз, биринчиден, элге жакшы иштеп, жакшы жыйынтыктарды алып келейин. Биз билбейбиз да эртең, бүрсүгүнү эмне болоорун.
Д.Бекешев: -Аа, түшүнүктүү, демек так жооп жок. Өкмөт июль айында абдан начар иштеди. Менин сизге каршылыгым жок, бирок сиз өтө начар координация кылдыңыз. Министрлер чет өлкөлөргө чыгып кетиштиби, ооруштубу билбейм, айтар эч кимди таппай калдык. Канча жаран дары таба албай ыйлашты. Өкмөт ошондой учурда тынч болуп эле отуруп берди. Садыр Нургожоевич, башка кадрларды тапсаңыз болмок.
А.Исмаилова: -Мен жооп берип коеюн, Саламаттыкты сактоо жааты 30 жылдан бери ураган абалда болуп келатат. Ошондой абалында биз иштедик. Санитардык-эпидемиологиялык кызмат да ураган, биз бир эле учурда аны калыбына келтирүү менен алектенип, ошол эле убакта вирус менен күрөшүп да жаттык. Мен да депутат болгонмун, өкмөттү сындаганмын. Бирок ал жакта иштеп баарын өзүм көрүп-билдим.