Алар Нариман Түлеевдин муниципалитеттен кетишин талап кылууда. Жарандар имараттын ичине кирүүгө аракет кылышкан, бирок милиция кызматкерлери аларды имаратка киргизген жок.
Алар: «Нариман кетсин!» - деп кыйкырып жатышат.
Чогулгандардын бири Адил Назаровдун айтымына, ал 5-6-октябрда борбордук аянтка люстрацияны талап кылып чыккан.
«Биз бийликке мурунку коррупционерлердин эмес, жаңы жүздөрдүн келишин каалаганбыз. Ал эми азыр кайра эле Бакиевдин кадрлары келип жатат. Биз бул кызматка жаш, өз ишин мыкты билген адам келсе дейбиз», - деди ал.
Нааразычылык акциясынын уюштуруучулары азыр тарап кетүүнү, бирок эртең, 27-октябрда кайрадан чогулууну сунушташты. Нааразычылык акцияга келген жарандар тарай башташты.
Булак: Баракелде