- Соцтармактарда тамашалуу кеп пайда болду: “Дүйнөдөгү эң оор кесип – Кыргызстандын президенти болуу” деген. Кыргыз президенттеринин бешенесине окшош тагдыр жазылып калгыдай эмнеден кемчилик кетиришти?
- Бир жагдайды Конституцияга киргизүү керек деп ойлойм. Ал – биздеги көп окуялар президенттердин топтолгон элди таңазарына албай койгону үчүн күчтөндү, кырдаал курчуду. Ошондуктан, аянтка миң адам топтолсо президент сөзсүз көпчүлүккө чыгып, алардын талабын угуп, өзүнүн жообун бериши керек дегенди мыйзам алкагында милдеттүү кылуу зарыл. Мисалы, 5-октябрда саат 12.00дө аянтта 500дөй киши турган, саат 13.00дө алардын катары миңге жетти, саат 15.00дө 3 миң болуп калды. Ошол убакта Сооронбай Жээнбеков элге чыгып, талабын угуп, шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу сунушун БШКга жөнөтөөрүн айтканда мынчалык тополоңго бармак эмеспиз. Эл президентке миң мертебе ыраазы болуп тарайт эле. Мындай жаңылыштыктар буга чейин да кайталанган: ошол эле Акаев дагы топтолгон элди тоготпогон, Бакиев да митингчилерге көңүл бурбаган. Биздин кыргыз президенттери ишмердүүлүгүнүн биринчи жылын гана эл менен чогуу болот, андан кийин элге чыкпайт, коомдук, саясий ишмерлер менен жолугушпайт, аягында коомчулук тууралуу маалыматы азайып, бир гана тегерек-четиндегилердин көзү менен дүйнөнү көрүп, кулагы менен шыбырларды угуп калат. Болочок президенттерди бул жаңылыштыктан сактоо үчүн мыйзам аркылуу милдеттендирүүгө туура келет. Садыр Жапаровдун ушул нечен жылдан бери келаткан “салтты” бузуп, эл менен тыгыз байланышта болуп, эмне талабы, эмне көйгөйү болуп жатканын өз көзү менен көрүп, кулагы менен угуп турушун каалайт элем. Кайсы бир убакта өзгөрүү болушу керек да, тарыхта көп жылдар кыйналып жашаган канча мамлекет кайсы бир лидердин келиши менен түп-тамырынан жаңыланып, жакшы нукка бурулганы, ал турмак экономикасы жагынан алдыңкы мамлекеттерге жетип барганы тууралуу фактылар көп. Канча жолу революция жасап, сапырылып, чалынган Кыргызстандын да учуру келип жетти деп ойлойм. “Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык” дейт, жарык күнгө жетүү шыбагасын алуу үчүн караңгы күндөрдөгү кыйынчылыкты эселеп төлөп бердик.
- Шайлоодо добуш сатып алуу көп болгонуна нааразычылыктар айтылды. Добуш саткан адам өз каалоосу менен сатат эмеспи, бир адамдын чечими үчүн экинчи адам нааразы болсо болобу?
- Кыргыз эли бийликтин ээси. Конституцияда шайлоо укугу берилген. Ал добуш – менчик. Кааласа буга, каалабаса тигиге добушун берет. Эмнеге бул шайлоодо акча башкы орунга чыгып кетти? Анткени, утулуп калган партиялардын программасы элди ынандыра албады. Алар жалаң жомоктордон куралган, “асмандагы ай менен күндү алып берчүдөй болгон” куру убадаларга толгон программалардан көрө миң - эки сомду өйдө көрүштү. Куру убадага курсак тойгузгуча, миң сом алып алганым жакшы дегендей кылышты. Элдин мындай чечимине утулган партиялар күнөөлүү. Элге программасын жеткире албады же элди ынындыра турган программа жарата албады.
- Нааразычылык толкуну күч алган учурда Сооронбай Жээнбековдун командасынын колдоосу сезилген жок. Бул эмнеден улам болду деп ойлойсуз?
- Бизде ушундай сапат бар: бийлик бар кезде жаныңда да, бийлигиң жок кезде ит менен издеп таппайсың. Башыңдан оомат тайганда жаныңда акелеп-жекелеп жүргөндөрдүн бири жок. Ушундай начар аң-сезимге батып алганыбызды жакынкы бийлик алмашуу дагы бир жолу көрсөттү. Сооронбай Жээнбековдун командасы чыккан жок, көп иштерди: мейли ал жакшыбы, жаманбы команда менен чогуу аткарышты. Айыл өкмөт башчылары, акимдер, губернаторлор, министрлер баарысы эл алдына чыгышы керек болчу. “Мына, биз бул иштерди аткардык. Дагы бул иштерди аткарганы жатабыз”, - деп. Андай болбоду. Ишти аксаткандар, элдин нааразычылыгын жараткандар команда мүчөлөрү болду, бирок баарысы үчүн жалгыз президент жооп берди.
- Садыр Жапаров өз дайындоолорун баштады. Топтоп жаткан командасына кандай карайсыз? Туура эле дайындоолор болуп жатабы?
- Садыр Жапаров бийликке элдин толкуну менен келди. Жаңы дайындап жаткан командасынын жарымысынан көбүнүн ошол дайындалган тармагына тиешеси жок, буга чейин да колунан эч нерсе келбегенин далилдегендер болуп чыкты. Ооба, дайындоолор шашылыш болууда, убакыт тар, талдап, байкап отурууга мүмкүнчүлүк жок. Айрым эски кадрлар өзгөрүүсү калууда. Мунун баарын түшүнүшүбүз керек. Бирок, “бардык нерсени кадрлар чечет” дегенди унутпаш керек. Ким кандай тажрыйбага ээ, буга чейин эмнелерди жасаган, эмнелерди жасай алган эмес - башкы критерий ушул болууга тийиш. Тажрыйбасыз бирөө келип, ал ишти жөндөп кеткиче канча убакыт кетет, дагы эле убакыттан уттуруп жатабыз, анын үстүнө кызматка келип алып үйрөнгүдөй өкмөт мектеппи? Тажрыйбасыз кадрлар бийлик бутагын ээлесе, анын жыйынтыгы тез эле суу үстүнө калкыйт. Жакын арада пенсия, жөлөкпул убагында төлөнбөй калат, мугалим менен дарыгерлер айлыгын зарыга күтүшөт, жолдор оңдолбойт, мектептер курулбайт, дагы толтура социалдык маселелер чечилбей калат. Аягында баарына Садыр Жапаров күнөөлүү болуп чыгат. Көрүп келатабыз, аткаруу бийлигинин кемчилиги үчүн жооптуу эл президенттен сурайт экен. Ошондуктан, Садыр Жапаров мыкты команда чогултуу менен ишин башташы керек. Анын команда чогултуусуна эч бир фракция, партиялар басым кылбоого тийиш. Өзүнүн көрөгөчтүгү, тажрыйбасы, даанышмандыгы менен күчтүү команда чогулта алса, жеңиши ошол. “Бирөө бардыгы үчүн, баары бирөө үчүн” деп командасы менен чогуу өлкө жүгүн аркаласа, жоопкерчиликти да бирдей алса жаңылыштык кетирбейт.
- Кайра-кайра бийликтин күч менен алмашуусу болуп жатканынын себеби эмнеде жана аны кантип токтотууга болот?
- Конституция өзгөрмөйүнчө революция боло берет. Ушул Конституция менен өлкө башчылыгына кимди алып келбейли, ал чалына берет. Бул ботинкасынын боосу байланбаган адамды катуу чурка деп мажбурлагандай эле кеп. Конституция чуркоого жол ачса, президент чуркайт. Ботинканын боосундай шалактап турса кантип чуркайт?
- Акча таратуу, добуш сатып алуу аракеттерин кантип мыйзам чегинде тыйса болот? Мыйзамда добуш саткан жана сатып алган тараптарга жоопкерчилик каралган, бирок бизди бул коркута албашын болуп өткөн шайлоо далилдеди. Сатып алуу жана сатуу аракеттерине кылмыш жоопкерчилигине чейин эле кандайдыр бир жол менен тосмо коюуга болобу?
- Үгүтчүлөрдүн ишин жокко чыгаруу керек. Эл менен партиянын ортосундагы ортомчулардын болушуна, башкача айтканда көзмө көз үгүт жүргүзүү ишмердүүлүгүнө тыюу салуу менен бул нерсеге жетишсек болот. Мисалы, акча кандай учурда таратылат? Үгүтчү менен шайлоочунун бетме бет жолугушуусунда. Эгер үгүт иштерин бир гана телеканал, интернет, гезит, маалымат сайттары аркылуу жасатып, эл арасында үгүт жүргүзгөндөр болбосо, акчаны таратуу кыйынчылыкты жаратат. Сатып алуулар үгүтчүлөр аркылуу ишке ашат. Үгүтчү болбосо, бай партиялар ким аркылуу элге акча сунуштайт?
Булак: "Майдан.kg" газетасы