Печать
Категория: Коом
Просмотров: 115

Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр Садыр Жапаров бүгүн, 23-октябрда Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин отурумунда билдирди. 

Анын айтымында, ал эми реалдуу картина андан да  жаман. 

"Жакынкы арада бюджетибиз боюнча туура жана реалдуу чыныгы маалыматтарды ачыкка чыгарабыз. Ачык айтсам, жагдайыбыз жакшы эмес. Ошондуктан учурдагы ишкерлер боюнча иштердин актуалдуулугун карап, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилерине бир катар тапшырмаларды берем", - деди ал. 

Тамшырмалар төмөндөгүдөй: 

- Мамлекеттик жана жергиликтүү органдар тарабынан түзүлгөн ашыкча бюрократиялык тоскоолдуктар кескин азайтылсын, атайылап жасалган создуктуруулар кыскартылсын. 

- Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр бизнес үчүн   оптималдаштырылсын. Ал үчүн Салык кодексине өзгөртүүлөр жана башка укуктук-ченемдик актылар боюнча документтердин пакети  даярдалсын, керекпи – жаңы редакциялар дагы жазылсын. 

- Салык жаатында зарыл болгон бардык реформалар толук ишке ашырылсын.

- Бизнести жүргүзүү боюнча  эрежелерди жөнөкөйлөштүргүлө. 

- Экспортёрлорду колдоо боюнча конкреттүү механизмдерди киргизгиле (Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгүдөй).

- Жылдын аягына чейин орто жана чакан ишканаларга жеңилдетилген түрдө насыялоону кайра жандандыргыла. Мында бир дагы коррупциялык схемага жол берилбесин!

- Бажы жана фискалдык органдардын ишиндеги ар кандай өзгөрүүлөр тууралуу бизнеске өз убагында жана токтоосуз маалыматтарды берип тургула.

- Бажы тармагындагы коррупциялык схемалардын баарын ачыкка чыгаргыла, бюджеттин кирешесин көбөйткүлө.

- Бажы системасына тез аранын ичинде автоматташтырылган программалык системаны ишке киргизгиле.  

- Тең атаандаштыкты жок кылган контрабандалык товарлар чек араларда катуу көзөмөлгө алынсын. 

- Банктык жана салыктык сырлардын, персоналдык маалыматтардын сырдуулугу катуу камсыз болсун.

- Өлкөдө дестабилизация жана Өзгөчө кырдаал режими учурунда жабыр тарткан ишкерлер менен инвесторлорго зыяндын ордун толтуруу боюнча мамлекеттик кепилдиктерди берүү механизмдери   каралсын.

- Менчикти коргоо жана менчик ээлеринин укуктарынын кол тийбестиги боюнча мыйзамдык ченемдер күчөтүлсүн.

- Тышкы иштер жаатында: Кыргыз Республикасына укуктук мамлекет катары эл аралык деңгээлдеги ишенимди калыбына келтирүү  максатында ырааттуу саясат жүргүзүлсүн.

Булак: media-center.kg