Печать
Категория: Коом
Просмотров: 677

Саясий куугунтук Кыргызстанда атаандашын жолдон тазалоонун башкы ыкмаларынын бири болуп келатат. Эки жарым жыл мурда мындай ыкманын курмандыгына улут санжырасын иликтөөгө, улут баалуулуктарын көтөрүүгө күчүн да, каражатын да аябаган мекенчил жигиттердин бири Рустам Маманов айланган.

 2018-жылдын май айында капысынан меценат, ишкер адамдын камакка алынышы, анан калса ага рейдерчилик кылган деген таң калыштуу айыптын тагылышы коомчулукту таң калтырган. Бирок бийликтин амалы миң, ага каршы турууга, ал чындык деп айткандын калпын чыгарууга аракет көбүнесе ишке ашпай калат. Рустам Маманов да ак жерден айыпка тартылып, маалымат каражаттары аркылуу жалган жалаа менен жаманатты болууга туш болуп, темир тор артына кеткен. Андан бери өлкөдө саясий кырдаал алмашты, Мамановду каралагандардын бир тобу өздөрүнүн былыгы чыгып, кызматтан кеткени кетип, калганынын чыныгы жүзү ашкереленди. Бирок элдин патриот уулу дагы деле темир тор артында. Рустам Мамановду абакка жеткирген жол, тагыраак айтканда жалаа эмнеден башталган? Ошол кездеги маалымат каражаттарында жазылгандарга караганда, Рустам Маманов менен анын ишкерлик боюнча өнөктөшү Рустам Воинов рейдерчилик фактысы боюнча айыпталган. Алар кайсы бир кытайлык ишкерлердин карамагындагы “Даймонд-Сити” турак жай комплексин тартып алышканы тууралуу сөз болгон. Ошол кытайлык ишкерлерге таандык болгон “Цинхуа” жоопкерчилиги чектелген коомунун адвокаты Кайрат Загибаев коомчулукка: “34 миллион долларлык мүлктү рейдерлик жол менен тартып алганы жатышат”,- деп жалган кеп таркатканы маалым. Тергөө Рустам Мамановду коррупциянын, алдамчылыктын жана кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануунун башкы үлгүсү катары көрсөткөн. Бул кылмыш иши 51 томдон турат, анын жарымы “ДаймондСити” турак-жай комплексинде батирлерди сатып алган күбөлөрдү суракка алуу менен толтурулган. Күбөлөрдүн баарына Маманов менен анын жардамчысы тууралуу суроолор берилген. Ошол эле учурда, суракка алынган 78 адамдын баары батир сатып алуу учурунда Рустам Мамановду көрүшпөгөнүн, аны тааныбай тургандыктарын айтышкан. Алардын айткандары тергөөнүн жана айыптоонун версияларына каршы келет. Бирок ага карабай каралоо поезди уланып, ак жерден айыптоонун ыплас ыкмасы ишин токтоткон эмес. Кийинчерээк бул иш журналисттик иликтөөгө алынып, анда ал кытайлык ишкерлер өздөрү эл аралык деңгээлдеги аферист, рейдер, көз боёмочу экендиги айтылган. Белгилей кетсек, Маманов камалгандан бери анын ишин иликтеп жана тергеп жаткан тарап бул боюнча кандайдыр бир так комментарий бере алышкан эмес. Мындан улам бул иште кайсы бир конкреттүү адамдардын жеке кызыкчылыгы бардыгы, тагылып жаткан айыптардын жасалма экендиги жана меценаттын камакка алынышы кимдир бирөөгө зарыл болгондугу айдан ачык болду. Рустам Мамановго карата козголгон кылмыш иши боюнча юрист Кайрат Осмоналиев мындай маалым берген: “Кандайдыр-бир Рустам Воинов деген келишимди жараксыз деп табууну суранып, сотко доо арыз менен кайрылат, ошол эле учурда, “BLS” ЖЧКдагы өз үлүшүн ажыратууда алдангандыгын, кытайлардан акча албагандыгын көрсөткөн. Сот анын доо арызын канааттандырган, Бишкек шаардык соту жана КР Жогорку Соту сыяктуу жогорку инстанциялар чечимди күчүндө калтырган. Бирок, иш боюнча мурдагы судья Э.С.Джаркеева гана жоопко тартылууда.Иштин материалдарын изилдегенде, тергөөнүн алдына коомдук ишмер, жеке ишкер Р.Мамановду мокочо кылып көрсөтүү, ал эми мурдагы судья Э.Джаркееваны соттук мантия кийген башкы коррупционер кылып көрсөтүү милдети коюлгандай таасир калтырат. Биздин өлкөдө, иш жүзүндө ар бир жеке ишкер кылмышкерлер менен байланышта деп эсептелет, ошондуктан, ишкер эле болсо берене табылат деген принцип боюнча ири ишкерлерде кандайдыр бир кылмышта, көбүнчө алдамчылык, рейдерлик, же башка финансылык тартип бузуу боюнча айыпталуучу болуп калуу тобокелдиги болуусуна таң калбай эле койсо болот, андай учурда дайыма даттануучулар жана күч органдары тарабынан көзөмөл сөзсүз болот”. Баарынан кызыгы, бул иштин жабырлануучусу катары көрсөтүлүп жаткан Гао Жен Вей аттуу кытай жаранынын өздүгү шектенүүнү жаратат. Ал көйгөйүн чечүү максатында укук коргоо жана сот органдарына кайрылган эмес, тескерисинче криминал төбөлдөрүнө, тагыраагы Эркинбек Мамбеталиевге кайрылган. Жардамы үчүн бир миллион доллар сунуштаган. Бул күбө Эркинбек Мамбеталиевдин көрсөтмөсүндө айтылган. Канчалык аракет кылса да тергөө Рустам Мамановдун “рейдерлик басып алуусун” тастыктаган бир дагы далил таба алган эмес. Анын кылмыш кылганын аныктаган бир дагы аудио, видео же фото далил жок. Бир гана күбөлөрдүн сөз жүзүндөгү көрсөтмөлөрү бир адамдын тагдыры жар учуна илинген бойдон калды. Кыргызда бир жакшы сөз бар: “Кыңыр иш кырк жылда билинет” деген. Акыркы убакта, Рустам Мамановду темир тор артына жибергендердин башында президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары Алмамбет Салиев турганы маалым боло баштады. Меценат анын жолун эмнеден улам кесип өтүп алды, кайсы кылыгы менен жок жерден айып курап, абакка камоо каалоосун жаратты деген суроо туулат. Жообу ич ачыштыраарлык, анткени мында Салиевдин өчү же кеги роль ойногон эмес, баягы эле ачкөздүк, акча үчүн намысын сатуудан тайманбаган жапыздык турат. Ар бир тыйынын маңдай тери менен таап, бир гана өзүн, үй-бүлөсүн каржылабай, жалпы улут кызыкчылыгын өйдө көтөргөн бараандуу иштерди жасаган кыргыз жигитин президенттик аппараттын жетекчиси акчага баалаган. Кыскасын айтканда, Алмамбет Салиев бул мыйзамсыздыктын башында туруп, кытайлык ишкерлерден 1 миллион, ошол учурда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын 3-бөлүмүнүн жетекчиси болуп турган Бабур Акжолов жарым миллион, ИИМдин кылмыш иликтөө башкы Башкармалыгынын начальниги Сагын Исмаилов да жарым миллион доллар алганы, акча үчүн мекенчил инсанды кытайлык ишкерлердин кызыкчылыгы үчүн курмандыкка чалганы чындыкпы (биз атайылап суммаларын азайтып жаздык)?. Ошентип, жашыл акчалардын айынан Рустам Мамановдун ак жерден абакта отурган абалын саясий куугунтук катары баалоого болот. Учурда өкмөт башчы жана президенттин милдеттерин убактылуу аткаруучу болуп турган Садыр Жапаровго саясий куугунтук деген сөз бейтааныш эмес. Ал мындай куугунтуктун азабын жон териси менен сезген жана жакында Жогорку Кеңештин жыйынында саясий куугунтуктун эң оор азабына түткөн адам катары мындан ары өлкөдө андай көрүнүш болбой турганын айтты. Куугунтуктун тамырын жулуу үчүн ушул убакка чейин акча, ачкөздүк жана атаандаштык кумарынын курмандыгы болгондорду боштондукка чыгаруу кадамын ташташы керек эмеспи. Эки жарым жылдан бери жасалма кылмыш ишиндеги тагылган айыптарга бир конкреттүү далил болбосо да кезерип абакта отурган Рустам Мамановду эркиндикке чыгаруу менен саясий куугунтуктун биздин өлкөнүн бутуна тушалган чынжырын үзүү керек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы