Печать
Категория: Коом
Просмотров: 180

Ошентип Сооронбай Жээнбеков ыктыяры менен мамлекет башчылыгынан кетип, өз ыйгарымын Кыргызстандын жаңы тарыхындагы алтынчы президентке (милдетин аткаруучу) өткөрүп берди. Анын мамлекеттигибиздин тарыхындагы орду, ролу кандай боло тургандыгын, эмнелерге жетишип, кандай кемчиликтерге жол койгондугун, албетте, тарых аныктайт, тарых гана акыркы адилет, калыс баасын берет, азырынча ага карата антипатия, симпатия менен жүргөндөр эч кандай калыс, обьективдүү боло алышпайт. Анткени, азырынча ага карата субьективдүүлүк күчтүү. Бирок, ага байланышкан антипатия, симпатияларга аралашпай, анын бийлигинин убагында үч жыл жашаган адам катары өз көз карашыбызды, байкоолорубузду ортого салсак болот. Аны талашсыз чындык деп айта албайбыз, чындыкты мезгил гана аныктайт, бирок “убагында айтылбаган сөз карып” дегендей, азыркыдай алабарман мезгилде билгенди, көргөндү, ынанганды айтып туруу да парыз.

Экинчи Абсамат Масалиев

Мамлекеттигибиздин тарыхына из калтырган адам жөнүндө ар кандай пикирлердин, көз караштардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш, мармелад деле элдин баарына жакпайт. Бирок, С.Жээнбеков жөнүндө кандай карама каршы пикирлер айтылбасын, анын ага чейинки мамлекет башчыларга салыштырганда таза, ыймандуу ынсаптуу инсан болгондугу эч кимде талаш туудурбайт. Ал бармактайынан таза келаткан жан. “Прихватташтыруу” убагында чоң совхоздун директору болуп туруп, өзүнө ашыкча эч нерсе албай, жакындарына да үлүшкө тийгенден башка ашыкча бербей, бардыгына калыс, тең бөлүштүргөн адам кийин түз жолдон чыгып кетпейт экен. Чындыгында ал бакыйган чоң облустун жетекчиси, өкмөт башчысы болуп иштегенде мамлекеттин казынасына кол салбады. Топуктуу болуп жүрүп чоң кызматтарга келсе, анысын бузбай ыйманы менен ыктыярдуу түрдө мамлекет башчылыгынан да кетти. Бул жагынан ал экинчи Апсамат Масалиев болду. А.Масалиев дегенде биз кристаллдай тазалыкты, элдин кызыкчылыгы, мамлекеттин биримдиги үчүн бардыгына кайыл болгон альтруисттик мыкты сапаттарды гана эмес, белгилүү деңгээлде пассивдүүлүктү, эч кандай кутумдуктарды, оюндарды билбеген баёолукту, бир позицияга келип алса, андан таптакыр кайтпаган кежирликти да түшүнөбүз. Тилекке каршы, Сооронбай Жээнбековдо да андай кемчиликтер болду. Эгерде суу жукпаган шылуундардан же өз бийлигин сактап калуу үчүн бардыгына даяр турган жанкечти саясатчылардан болсо, ал 5-октябрдагы кырдаалдан; атаандаштарынын көбүн алдап, жыйынтыктарды бурмалатып, же бирин-экинчилерине кагыштырып, оңой эле суурулуп чыгып кетмек. Бирок, ал андай ыплас иштерге барбады. Айланасындагылардын айрымдары кандай кысым-басымдарды көрсөтүп, ар кандай жыландардын баштарын чыгарышкандыгына карабастан абийирин, колун жаман нерселерге булгабай таза бойдон кетти. Анткени, С.Жээнбеков саясатка биротоло булганып, баңгилер нашаасыз тура албагандай, бийликсиз жашоолорун элестете албай калган, ал үчүн баардыгына барганга даяр тургандардан эмес, чоң сяасатка деле чындап кызыкпаган, ага кокустан эле келип калган, бийликтин, байлыктын артынан түшпөгөн, баарынан тынчтыкты, биримдикти жогору койгон топуктуулардан болчу. Айрым мамлекеттердин башчылары кысым, басымдар, тополоңдор менен бийликтеринен кеткенде заматта карып, алдастап кетишет. Ага мисал катары Сербиянын мурдагы президенти Слобадан Милошевичти көрсөтүүгө болот. Ал бийликтен кеткендин эртеси эки эсе карый түшкөнү убагында айтылган. Бирок, С.Жээнбеков ар кимдерге док урунбады, опузалабады, алдастабады, эч кимден жардам сурабады. Бардык процедураларды аткарып, башын бийик көтөрүп татыктуу кетти. Эгерде анын ордунда Атамбаевге окшогон башка бирөө болсо, Кыргызстанга кандай өнөрлөрдү көрсөтмөк, аны элестетүү да кыйын. Мүмкүн, түптүз эле жарандык кагылышууларга кирип кетмекпиз. Сооронбай Жээнбековдун бул жоругу кийинкилерге сабак болушу керек.

Экс-президенттин плюстары

Сооронбай Жээнбековду жакынкы, алыстагы өнөктөш өлкөлөрдүн, кошуна мамлекеттердин жетекчилери эң эле жылуу кабыл алып, урмат менен мамиле жасашты. Ал кыска убакыттын ичинде Түркия, Казакстан ж.б. кошуналар менен мамилени оңдоп, блокаданы ачты. Атамбае - журналисттер менен тынбай чатакташып, аларды ири көлөмдөгү айып пулдарга жыкканды, саясый атаандаштарын маскаралап, шылдыңдап, ар кандай аттарга кондурганды адат кылып алса, С.Жээнбеков андай пастыктарга түшпөдү. Күчтүү аймактарсыз - күчтүү мамалекет болбойт! - деген ураандын алдында бардык көңүлдү аймактарга топтоп, аларды өнүктүрүүгө аракеттенди. Өлкөнү санариптештирип, алдыңкы маалыматтык технологияларды киргизүүдө, “Таза суу”, “Коопсуз шаар” ж.б. долбоорлорун ишке ашырууда сезилерлик ийгиликтерге жетишти. Бишкектин негизги көчөлөрүнө видеобайкоочу жабдуулар орнотулгандан кийин жөө жүргүнчүлор үчүн кесилиштерден өтүү кыйла жеңилдеп, автокырсыктар кескин азайгандыгына өзүбүз күбө болдук. Сот реформасын илгерилетүүдө алгылыктуу жылыштар болду. Эң негизгиси, ири коррупциялык афераларды ашкерелеп, уурдалгандарды кайтаруу боюнча “чоң казатты” баштады. Кадрлар маселесинде Атамбаев жан сакчыларды, катчыларды, НПОшниктерди, тийиштүү даярдыктары жана билимдери таптакыр жокторду жогорку мамлекеттик кызматтарга дайындай бергендей, баш аламандыктар болбоду.

Эң башкысы – экономика жана элдин турмушу

Улуу реформатор, жаңы Кытайдын архитектору Ден Сяопинь “кандай түстөгү мышык болсо да, чычкан кармаса болду” деп айткан. Анын сыңарындай, мамлекет башчысынын ишинин башкы сын-ченеми –экономика жана элдин турмушу болуп саналат. Экономиканы өнүктүрүп, элдин турмушун жакшырта албаган жетекчинин, ал кандай кооз ураан-чакырыктарды жамынбасын, эч кимге кереги жок. Кудай Кыргызстанды андайлардан алыс кылсын. Эмне дебейли, мурдагы президент айыл чарбасын жакшы билген адам эле. Ошон үчүн ал аймактарды өнүктүрүүгө басым жасоону чечкен. Анын тышкы саясаттагы гана эмес, эл чарбасындагы эң башкы жетишкендиктери - 2018-2019-жылдарда Кытай, Россия, Еврошериктештик сыяктуу ж.б. өлкөлөр менен Кыргызстандын экономикасына жалпы көлөмү 16 миллиард долларга барабар инвестицияларды тартуу боюнча келишимдерге кол коюуга жетишкендиги болуп саналат. Ал долбоорлордун айрымдары ишке ашырылууда, калгандары ар кандай себептер менен кыймылга келтириле элек. Эми аларды түрткүлөп, ишке ашыруу азыркы жана кийинки бийликтегилердин энчилерине туш келди. Пандемия болбогондо, алардан башкалар да ишке ашырыла баштамак. Пандемия бюджетибиздин төрттөн бир бөлүгүн жеп кетти. Ал да жетпей баратканда С.Жээнбеков жалпы көлөмү 480 миллион долларга барабар грант, кредиттерди тартууга жетишти. Азыр пандемиянын экинчи толкуну башталды. Мындан аркы абалыбыз кандай болот, дагы кайдан кошумча каражаттар табылат, ал азыркы бийликтегилердин көйгөйү болуп саналат. С.Жээнбековдун дагы бир эмгеги, ал - мурда улуттук окумалдар арасында көп айтылып келген менен ишке ашпаган “Манас” жана Ч.Айтматов Улуттук академиясын түздү.

Мурдагы президенттин минустары

 Ачыгын айталы, С.Жээнбеков дасыккан саясатчы болбогондугунан уламбы же натурасы ошондойбу, ага харизма, демилгелүүлүк, сөздүн жакшы маанисиндеги популисттик, чечкиндүүлүк жетишпеди. Ал коррупцияга каршы күрөштү баштаган менен аны системдүүлүккө, превентивдүүлүккө негизделген чаралардын комплексине айландыра албады. Аны түп тамырынан демонтаждоого аракеттенбестен кокустук көрүнүштөр менен чектелип келди. Ошондон улам билим берүү, саламаттыкты сактоо, сот, прокуратура, мамлекеттик сатып алуулар сыяктуу негизги тармактардагы чийеленишкен коррупциялык көрүнүштөр талкаланып кыркылган, тамырлары жулунган жок. Ал жол коопсуздугун көзөмөлдөө, мамлекеттик каттоо, мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүү сыяктуу тармактарда чындыгында коррупцияны аз да болсо азайтууга жетишти. Калган жактарга тиши өтпөдү же эрки болбоду, аларга каршы кандай күрөш баштоону билбеди. Руханий-маданий жааттарда улуттун мыкты өкүлдөрүнүн жан дүйнөлөрүн өзүнө тартып, жалпы элдик резонансты жараткыдай демилге, ураандар менен чыгып, лидер экендигин көрсөтө албады. Ошон үчүн эл ага чечүүчү учурда кайдыгер бойдон калды. Түрк дүйнөсүндөгү мамлекеттердин бардыгы латын алфавитине өтүшкөн жана өтүшүүдө. С.Жээнбековдун латын алфавитине каршы чыгып, кириллицаны жактаганы эң чоң жаңылыштык болду. Эгерде биз да акырындап латын алфавитине өтпөсөк, түрк дүйнөсүнөн биротоло сыртта кала тургандыгыбызды, деги эле тамгаларыбызды латындаштыруу компьютердик иштерде, чет тилдерди үйрөнүүдө ыңгайлуу боло тургандыгын, орус тили алда качантан бери эле инновациялык жактан перифериялык тилдердин бирине айланып бараткандыгын, ал аркылуу чоң дүйнөгө кирүүгө мүмкүн болбой калгандыгын ал түшүнбөдү. Кемчиликсиз адам, жетекчи болбойт. Салыштырып алганда, мурдагы президенттин позитивдүү жагы көп. Анын эл арасында башын бийик көтөрүп, коомдук турмушубузга активдүү катышып жүргөнгө моралдык укугу жетишерлик.

Булак: "Майдан.kg" газетасы