- Самсаалы мырза, Камчыбек Ташиевдин Мамлекеттик Улуттук коопсуздук кызматына жетекчи болуп дайындалды. Жооптуу кызматты аркалаганы туура эле болдубу?
- Туура же туура эмес деп айтыш али эрте. Убакыт берип, ишине ийгилик каалайлы. Кызматына киришип жатып, журналисттерге берген жооптору жакты. Эл үчүн, мамлекет үчүн иштейм деген ниети билинип турат. Баягы атың өчкүр ковид менен ооруп айыкканда айткан сөзү да эсимде. Негизи кайсыл жерде болбосун адам аракеттенсе эле жыйынтык чыгат. Азырынча сын айткандан оолак болуп, убакыт бергенибиз оң болоор.
- Камчыбек Ташиев коррупция жана криминал менен күрөшө алабы?
- Ташиев Өзгөчө кырдаалдар министри болуп жакшы иштегени көп эле жерде айтылып жүрөт. Андан бери да башынан далай нерсе өттү. Криминал жана коррупционерлер менен күрөшө алат деп ойлойм.
Булак: "Майдан.kg" газетасы