21-октябрда Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик уюштуруу комитети айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин бир добуштан жактырды.
Депутаттар Токтогазиевдин ден соолугун сурап, ага бир катар сунуштарын айтышты.
“Ата Мекен” партиясынан депутаттыкка талапкер Тилек Токтогазиев премьер-министр Садыр Жапаровду колдоону чечкенин журналисттерге билдирди. Министрлер кабинетинин башчысы айыл чарба министри кызматына Тилек Токтогазиевдин талапкерлигин сунуштаган.
Белгилей кетсек, бүгүн Эркинбек Чодуев айыл чарба министри өз арызы менен кызматынан бошотулду.
Булак: Элгезит