- Камчыбек Ташиевдин криминалдар менен коррупционерлерге жарыялаган күрөшүнөн майнап чыгабы?
- Камчыбек Ташиевдин чоң саясатта жүргөнүнө он беш жыл болду. Депутат, министр, парламентте фракция жетекчиси катары өзүн көрсөтө алды. Жетекчилик мыкты сапаттары бар. Анык профессионал, койгон максаттарын турмушка ийгиликтүү ишке ашыра алат. Мен шакиртимдин саясатта тазалыгы менен өзгөчө сыймыктанам. Эмгек жолунда элдин, мамлекеттин чөнтөгүнө эч кол салбады. Казынадан бир сом уурдабады, бир кирпич же бир сотка жер менчиктештирип албады. Ошол себептен, биздин терең коррупцияга баткан өлкөбүздө Камчыбектин улуттук коопсуздук кызматын жетектеши эң туура болду. Учурда ал Садыр Жапаров экөө зор иштерди баштап, улуу максаттарды коюп жатышат. “Баары ойдогудай болот”- деп айтуудан алысмын. Кыйынчылыктар жетиштүү. Бирок, коррупцияга каршы чыныгы күрөш жүрөөрүнө, анын деңгээли бир топ ылдыйлаарынан шек санабайм. Таза жана эрки күчтүү инсандар гана коррупция жана криминалга каршы күрөшүүдө жеңишке жетише алышат.
Булак: "Майдан.kg" газетасы