Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы кабарлады.
УКМКнын алдындагы Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы мамлекеттик курулуш тармагын көзөмөлдөө тутумундагы коррупцияны жоюу боюнча иш-чаралардын жүрүшүндө Жолдошбек Жунушевдин жетекчилиги алдында туруктуу коррупциялык схеманы аныктады.
Тергөө иш-чараларынын жыйынтыгында коррупциялык ишке тиешеси бар алты адам аныкталган. Жунушев мыйзамсыз алынган каражаттардын белгилүү бир бөлүгүн алгандыгы айтылат.
20-октябрда Жолдошбек Жунушев Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 98-беренесинин негизинде кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында зарыл болгон ыкчам-тергөө иш-чаралары улантылууда.
Булак: Маралфм