Мурдагы өкмөт башчы Сапар Исаковдун кайда экени белгисиз. Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаеванын айтымында, анын кайда экенин жакындары да билбей жатышат.
"Сапар Исаковдун жанында эч кандай документ болгон эмес. Жакындары жана пикирлештери коопсуздугунан чоочулап, тынч-аман болду бекен деп санааркап жатабыз", - деди Жолдубаева.
Укук коргоо кызматынын маалыматына караганда, Сапар Исаков мамлекеттик чегараны кесип өткөн эмес.