Печать
Категория: Коом
Просмотров: 192

"Кыргызстанда мындан ары коррупционерлер жашабайт, аларды биз жашатпайбыз", - деди УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында. 

"Мамлекеттик кызматтардагыбы, бизнес тармагындагыбы коррупционерлерди сөзсүз кубалап, жок кылабыз. Менде азыр Райымбек Матраимовдун кайда экени тууралуу маалымат жок, бирок бүгүн эле кызматкерлериме  эгер ал биздин өлкөнүн аймагында болсо, кармап келүү боюнча тапшырма берем. Ага азырынча козголгон кылмыш иши да жок экен, бирок кармап келип, коомчулукка чыгарып, журналисттер айткан иштерди текшерип, тиешеси болсо мыйзам чегинде жоопко тартабыз. Анын алдында токтоп кала турган, сүйлөшүп ала турган маселебиз жок", - деди Ташиев. 

Ошондой эле, ал УКМКнын төрагалыгына келгендеги негизги максаты коомду коррупционерлерден, паракорлордон, бандиттерден тазалоо экенн белгиледи. 

"Мамлекеттик кызматтардагы коррупциялык схемалардын бети ачылат. Ага байланышкандар кимдин тууганы, кимдин жердеши, жынысы, улутуна карабай мыйзам чегинде жоопко тартылат",- деди.