Бардык иш мамлекеттин келечеги үчүн. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев маалымат жыйынында билдирди.
"Инвесторлор Кыргызстандын мыйзамын сактап иштесе, эч ким жолтоо болбойт. Мындан ары эч ким эч кимден пара сурабайт", - деди Ташиев.
Ал ишинин жыйынтыгы жакын арада болоорун убадалады.
"Жакын арада коррупционерлер азаят, алар корко башташат. Эгер коркпой дагы кытмыр иштерин жасай беришсе, жазаланышат. Эч ким эч кимди "крышовать" этпейт. Ишкерлерде эркиндик болот. Бир айдабы, эки айдабы, бирок сөзсүз ишибиздин жыйынтыгына коомчулук күбө болот", - деди ал.