Печать
Категория: Коом
Просмотров: 152


Улам жаңы төңкөрүш болгон сайын “революция” пландары да курчуп бараткансыйт. Эгер мурда соода борборлору жана дүкөндөр талкаланса, эми дароо эле министрликтерди, ведомстволорду, ири жана орто көлөмдөгү тоо кен ишканаларын талап-тоноо, кыйратууга өтүштү. Бул революциялык зөөкүрчүлүктүн көлөмү жүрөктү түшүрөт.
 
“Кумтор Голд Компани” ЖАК, “Кыргызкөмүр” МИ, “Кыргызалтын” ААК жана башка ишканалардын кеңселерине чабуул болуп, басып алуу аракеттери болду. “Элдин атынан чыккандар” – “Кыргызкөмүр” МИ, “Фулл Голд Майнинг” ЖЧК, “KAZ Minerals” ЖЧК, “Алтынкен” ЖЧК, “Альянс Алтын” ЖЧК, “Эти Бакыр-Терек-Сай” ЖЧК жана аффинаж заводунун өндүрүштүк объекттерине кол салганга үлгүрүштү. Кырдаалдан пайдаланган бузукулар “Жерүйдүн” өндүрүштүк аянтчасына кирип барып, кампаны талкалап, алтын өндүрүүчү фабриканы өрттөп жиберишти... “Кара-Кече” көмүр карьерин басып алып, жарым миллион акчаны уурдап, чийки затты эч кандай эсеп-кысабы жок, бир тыйын да төлөбөй көзөмөлсүз алып кетүү башталды. Басып алуунун башында Саяк каймана аты менен кылмыш чөйрөсүнө белгилүү Мурат Кадыркулов турган. “Иштамбердиде” жергиликтүү элдер бардык жергиликтүү жана чет элдик жумушчулар объекттинин аймагынан чыгып кетсин деп өздөрүнүн талабын койду. Бир канча кичи карьерлерде техника бузулуп-талкаланып, өрттөнүп, миңдеген жарандар айлык акы жана тиричилик каражаттарынан кол жууду. Бул туралуу Тоо-кен металлургия профсоюзунун башчысы Эльдар Тажыбаев өз оюн мындай деп билдирди: “Биз тез аранын ичинде кен чыккан аймактарда тартип орнолушун талап кылабыз. Жарандардын бардык иш-аракеттери мыйзам чегинде болушу керек жана башка жарандардын укугу, мамлекеттин кызыкчылыгы тебеленбеши керек. Митингге чыккандардын талаптарынын көпчүлүгү негиздүү жана маанилүү, бирок алар укук талаасында, өлкөнүн экономикасына зыян тийбегендей болуп чечилиши керек. Тоо-кен ишканаларынын ишин токтотуу өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүнө бир топ акча каражаты түшпөй калышына алып келип, бюджетти дефицитке алып келиши мүмкүн. Эл аралык сотторго бир канча доо-арыз түшүшү ыктымал, ошондой эле он миңдеген жарандарыбыз жана бул тармакты тейлеген орто жана кичи бизнес ишканалары жумушсуз калышы мүмкүн. Мындан тышкары жер-жерлердеги чыр-чатактар жана тараптардын тирешиши өлүмгө да алып келишиши мүмкүн, ал эми мындай нерсеге таптакыр жол берүүгө болбойт”,- деп жазылат анын расмий билдирүүсүндө. Өкүнүчкө карай расмий бийлик (эгер ушундай бийлик болсо) мындан ары кандай гана иш-аракет кабыл албасын Кыргызстан ири же майда көлөмдө болобу бирок таза жана адал инвестиция салууга түбөлүккө коркунучтуу жана сунушталбаган өлкө болуп кала берет. Эгер маселени сотко жеткирбей чечүү мүмкүн болбосо, анда биздин өлкөнү чет элдик инвесторлордон миллиондогон, керек болсо миллиардаган суммага барабар доо-арыздар күтүп турат. “Жерүйдөгү” өрттөнүп кеткен эле бир фабрика канча турат, эгер фабриканын ээси аны калыбына келтирүүнү чечсе, анда буга бир топ убакыт жана эбейгесиз көп акча-каражат талап кылынат. Регион “Жерүйдүн” эсебинен өнүп-өсүп, гүлдөйт деген үмүттү азырынча унутуп койсо деле болот. Өлкөдөгү бул экономикалык катастрофа бизди жана тийиштүү өндүрүштү бир топ жыл артка таштайт. Ошентсе да кендерге болгон рейдерлик басып алуулар жана талап-тоноолор Бишкектеги митинг менен эгер андан эрте болбосо бир маалда пландаштырылган. Себеби “кир сууда балык алуу” оңойураак эмеспи. Бул басып алуулар жер-жерлерде негизинен бир убакта кылмыш чөйрөсүндөгү адамдардын жана провокаторлордун катышуусу менен ишке ашкан. Ал эми тоо-кен тармагындагы кылмыштуу иш-аракеттери менен таанымал Мамгеологиянын мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиевдин тымызын эркиндикке чыгарылышы кырдаалды курчутуп жиберген. Албетте элдерди аянтка алып чыккан прогрессивдүү күчтөр дегендерге көптөгөн суроолор бар. “Реформанын”, “Бир-Болдун”, “Ата-Мекендин” жана башка “жаңы” партиялардын өкүлдөрү “революциялык кылмыштарга” тиешебиз жок деп танышууда жана болгон окуялардын натыйжаларына жоопкерчиликти алгысы келбегени дап-даана эле көрүнүп турат. Мындан тышкары айтып кетчү дагы бир нерсе бул - алардын бири да жергиликтүү башчыларга же регионалдык төбөлдөргө кен-байлык чыккан жерлердеги башаламандыкты токтоткула деп кайрылууга аракет да кылып коюшкан жок. Эскиби, жаңыбы айтоор баары таанымал да, таанымал эмес да саясатчылар бир гана нерсе менен алек болушууда - бири-биринен портфель талашып, башкаруу, дайындоо деген “негизги” укукка ээ болууга жан талашып тытышып жүрүшөт. Качандыр бир кезде бул бүтөт деңизчи, бирок ким билет, бүтпөй да калышы мүмкүн. Бул Кыргызстандын багына жараша. Мисалы кээ бир африка өлкөлөрүндө “революция” процесстери жылдап болуп келе жатат. Суу, медицина тартыш болгон жана билим жетишпеген жакыр өлкөлөрдө кылмыштуу топтор алтын, алмаз жана башка кен байлыктарын бөлүштүрүү укугуна ээ болуу үчүн каршылашкан күрөш жүргүзүп келишет. Мындай салыштыруу үчүн кечирим сурайм, бирок азыркы учурда Кыргызстандагы кырдаал дал ушундай. Эл менен эч кимдин иши жок. Эң башкысы түз да кыйыр да мааниде “тоо падышасы” ким болот, болгону ошол. Мындан ары эмне болот? Бул урап бараткан кагаздан жасалган үй сыяктуу, Кыргызстандын тоо-кен тармагын рейдерлик басып алуу аракети өлкөнүн бюджетинин чоң жоготуусуна алып келет (чындыгында бюджеттин негизги бөлүгү), ал эми бул пенсия-пособиенин, социалдык тармактын айлык-акысынын жок болушу, тоо-кен тармагын тейлеген ишканалардын жумушу токтойт дегенди билдирет. Ансыз деле акыркы күндөрү калк керектөөчү товарлардын баасы күн сайын өсүүдө, эми ал мындан да көтөрүлүшү мүмкүн. Банктар өз ишин токтотконун эскерте кетели, ал эми жакынкы арада сомдун түшүп кетиши бул боло турган иш. Буга чейин биздин редакция менен болгон баарлашууда жергиликтүү экономист Асылбек Аюпов парламенттик шайлоодон кийин бийликке ким келсе да, ал тоо-кен өндүрүш тармагын сактап калып, аны мындан ары да жакшылап өнүктүрүп-өстүрүү керек экендигин эскертип кеткен. “Чындыгында бизде мындан башка алгылыктуу өндүрүш тармагы деле жок. Ошондуктан тоо-кен өндүрүш тармагын колдоо жөнүндө мыкты жакшы жазылган саясат керек. Бул тармак бизге абдан көп акча-каражатын берет. Эң негизгиси бул тармакты сактап калып, аны мындан ары да өнүктүрүү керек”, - деп белгиледи Асылбек Нургазиевич. Бирок, “революционерлердин” планы башка окшойт. Алар тоо-кен тармагын талкалап, жоготуп жатышат. Ал гана эмес Кыргызстандын миңдеген жарандырынын тиричилик каражаттарын да жок кылышууда. Мындай кырдаал канчалык көпкө созулбасын, ал ошончолук жаман болуп кете берет. Кыргызстандыктарга “мародер-тоо-кенчилер” казган аңдан чыгып кетүү күндөн-күнгө оорлой берет. 

P.S. Айтмакчы, «Центерранын» акциялары дээрлик 15 пайыз түшүп кетти жана бул башталышы гана. Бул акчаларды биз, кыргызстандыктар кен-байлыктарды талап-тоноого жол берген аянтка чыккан адамдардын, саясатчылардын, ишмерлердин болбогон иш-аракеттеринин кесепетинен жоготуп жатабыз. Бирок алар бул кылган жоруктарына жооп берет болду бекен


Булак: "Майдан.kg" газетасы