Печать
Категория: Коом
Просмотров: 185

- Уран мырза, шайлоонун шарапаты менен орун алган чулгандуу окуялар кимдин сценарийи менен ишке ашты? 

- Атамбаевдин түрмөдөн чыгышы орустардын сценарийи болгон. Бирок, алардын планында Садыр Жапаровду чыгаруу болгон эмес. Садыр Жапаровдун эркиндикке чыгышы алардын бүт планын бузуп, ботко кылды. Алардын планында Жапаровду кандай болсо да премьерликке өткөрбөш керек. ОДКБнын аскерлерин жөнөтүп, абалды жолго салууга ашыкканы Москванын айласы кетип турганын билгизет. Отуз жылдан бери биринчи жолу еврейлердин планы, максаты ишке ашпай калды. Ошондуктан азыр “тиги тигиндей, бул мындай” деп айтыш чыны менен кыйын болуп турат. 

- Неге айрым депутаттар кворум болгон жок деп Садыр Жапаровдун премьер-министр болуп бекишине каршы болуп жатышат? 

- Премьер министрдин шайлоосунда кворум болбой жатканы Кремлдин Садыр Жапаровдун бийликке келишине каршылык көрсөткөн аракети десек болот. Айрым депутаттар орустардын жана ага каршы иштеген топтордун таасиринен чыга албай, ошондой пикирлерин айтып жатышат. Тагыраагы, Садыр Жапаровко сен болосуң деп упчу эмизип коюп, убакытты созуп жатышат. Садыр Жапаров чечкиндүү кадамдарга барбаса, убакыт Жапаровго каршы иштеп калышы мүмкүн.

Булак: "Майдан.kg" газетасы