Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасын бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому бекитилген. Бул тууралуу Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.
Токтомго ылайык:
- Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы тиркемеге ылайык бекитилиши керек.
- Программанын жооптуу аткаруучулары болуп саналган министрликтер, административдик ведомстволор, мамлекеттик мекемелер жана уюмдар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (макулдашуу боюнча) программаны милдеттүү түрдө аткаруу боюнча толук чараларды көрүшү керек.
- Квартал сайын, отчёттук мезгилден кийинки айдын бешинен кечиктирбей программаны ишке ашыруунун жүрүшү тууралуу маалыматты Кыргыз Республикасынын президентине караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга берип турушсун.
- Президентке караштуу мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия (макулдашуу боюнча) ар бир жарым жылдыктан кийинки айдын жыйырма бешинен кечиктирбей Өкмөттүн аппаратына программанын ишке ашырылышынын жыйынтыгы боюнча отчёт берип туруусу зарыл.
Булак: Баракелде