Печать
Категория: Коом
Просмотров: 132

Анда Отунбаева президентке учурда “кызматынан кетүүгө укугу жок” экенин айткан. “Мен ага азыр кете албастыгын айттым. Бир гана моралдык жүйөөлөрдөн улам эмес. Сооронбай Жээнбеков өзүнүн элине ант берген - республика, мамлекет, жалпы кыргызстандыктарга кызмат кылууга ант берген. Учурда ал өлкө үчүн, баарыбыз үчүн темир калкан болушу керек”,- деди Отунбаева. Экс-президенттин айтымында, Жээнбеков республиканы укуктук талаага кайтаруу боюнча убадасын аткарышы керек. Ошондой эле Отунбаева учурдагы кырдаал боюнча бир гана юристтер эмес, коомдун бардык катмарларынын өкүлдөрү дагы үн катышы керектигин белгилеген - алардын ичинде маданий жана илимий интеллигенция да бар. Буга чейин президент Сооронбай Жээнбеков эгер өкмөттүн курамы мыйзамдуу бекисе ал кызматтан кетүүгө даярдыгын билдирген болчу. Анын сөзүн премьер-министрдин милдеттин аткаруучусу Садыр Жапаров да тастыктаган. “Сооронбай Шарипович менен жолуктум. Эгер силер өкмөттүн курамы менен түзүмүн бекитип берсеңер ал арызын жазып берип кетем деген сөзүн айтты”,- деген Жапаров. Ошондой эле Россиянын пикирин президент Путиндин пресс-катчысы Д. Песков билдирип, “Президент Киргизии Сооронбай Жээнбеков...”,- деп айтты. Евробиримдик да ушундай пикирде. Балким, С.Жээнбеков шайлоону таза өткөрө албай жаткандыгы үчүн элден кечирим сурап, айланасын тазалап, жаңы команда менен жаңычы иштегендиги эле туура болуп жүрбөсүн...


Булак: "Майдан.kg" газетасы