Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

кук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 14-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын кызматтан кетүүсүн талап кылып, пикетке чыгам деген ниетин маалымдады. Өндүрүш Токтонасыровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, нааразылык чарасы БШК имаратынын алдында болушу ыктымал.

Укук коргоочу Боршайком 4-октябрдагы шайлоону акыйкат өткөрүүнү камсыз кыла албастан, мыйзамсыздыктарга жол бергени үчүн БШК төрайымынын бул кызматта иштөөгө мындан ары моралдык укугу жок деп эсептейт.
4-октябрда Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өткөн. Алдын ала жыйынтык боюнча шайлоодо бийликчил "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" жана "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиялары 7% босогодон өткөн.

Анын жыйынтыгына нааразы болгон тараптар 5-октябрдан тартып ырааттуу митингге чыгыып, айрымдары 6-октябрга караган түнү президенттик аппараттын жана парламенттин кеңсеси жайгашкан имараттарды ээлеп алышкан. Башаламандык учурунда абакта отурган мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жана аны менен кошо камалгандардын тарапкерлери аларды абактан бошоткон.
Камактан чыккан айрым саясатчылар 9-октябрда Бишкекте өткөн митингге катышкан. Митингдер маалында С.Жапаровдун таламдаштары атаандаш тынч митингге кол салышып, натыйжада ал бир нече кишини жабыркаткан жаңжал менен аяктап, бул окуя боюнча тартип сактоо органдары кылмыш ишин козгогон. Мурдагы президент А.Атамбаевден тышкары, Темирлан Султанбеков сыяктуу айрым тынч митингдин катышуучулары да бул окуяга байланыштуу камакка алынган.

Митингдерден соң, президент С.Жээнбековдун чакыруусунан соң, БШК өзүнүн 6-октябрдагы отурумунда 4-октябрдагы шайлоонун жыйынтыгын кайра жокко чыгарган.

Булак: Азаттык