Печать
Категория: Коом
Просмотров: 244

Депутат Рыскелди Момбеков өзүнүн дарегине айтылган маалыматтарды четке кагып, актануу иретиндеги видеосу менен бөлүштү. Анда депутат Бабанов менен сүйлөшпөгөнүн, ал турмак анын телефон номерин билбей турганын айткан. 

"Мени Бабанов менен сүйлөштү деп аудиожазууну чыгарып жатышат. Мен шантаж менен монтаждын айырмасын жакшы билем. Азыркы көп депутаттардан айырмаланып, нечен жыл журналистикада жүргөм. Мен Кой-Ташка барган эмесмин, Бабанов менен сүйлөшпөгөм, жада калса анын телефон номерин да билбейм", - деди ал. 

Эске салсак, 7-октябрдагы ызы-чууда Рыскелди Момбеков жана Өмүрбек Бабановдун телефондогу сүйлөшүүсү деген аудио интернетке тараган. Анда Момбековдун үнүнө окшош үн аянтка канча бала чыгарышканын сурап, өзү Кой-Ташка баратканын айткан.