Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Мамлекеттик каттоо кызматынын маалыматына караганда, Калкты тейлөө борборлору, «Унаа» жана «Кыргызпочтасы» ишканаларынын бөлүмдөрү, архивдер кадимки тартипте иштеп жатат. Бул мекемелер 9-октябрда Бишкектеги окуяларга байланыштуу ишин убактылуу токтотушкан болчу.

Ошондой эле бүгүн борбор калаадагы ири соода борборлору да кадимки тартипте иштеп жатат.

4-октябрдагы кезектеги парламенттик шайлоодон кийин борбор калаада нааразылык акциялары башталган. Ала-Тоо аянтындагы митинг бийликтин негизги имаратына кирип баруу менен аяктаган. Андан кийинки бир нече түн катары менен шаарда топтолгон адамдар пайда болуп, талап-тоноо коркунучу жаралгандыктан көптөгөн мекеме-жайлар жабылган. Элдик кошуундар түнү менен күзөттө болгон. 

Булак: Азаттык