-Каныбек агай, Кыргызстан элдик бийликти кабыл алышы керекпи?
-Өлкө кайрадан укуксуздук талаасына түшүп калды! Буга мурдагылардай болуп эле азыркы президент күнөөлүү. Анткени, ал коркоктук кылып, жашынып жүрөт же качып кетти. Демек, ага эл менен мамлекет бир тыйын экен да. Эр болсо, элдин алдына чыгып: “Мына, мен алдыңарда турам. Баарына даярмын”, - деш керек болчу. Эми төрагасы баш болуп парламент дагы житип жок болуп кетти. Мактанып, ач айкырык салган өкмөттөн дайын жок. Бул кылыктары алардын өз элине жана мамлекетине болгон кыянатчылыгы. Укуктук талааны вакуум кылып тентип кетишти! Анан эле өзү бийликти алат да! Бирок анархияны күчөтүп жатышат. Азыр жаштар демилгени колдоруна алышты. Мунун аягы кандай болот? Кой –ай, тур десең эч ким укпай турган заман болду! Колдон келген акыл-насааттарды айтып жатам. Башка эмне кыла алам?
-Асылбек Жээнбеков айткандай Сооронбай Жээнбеков легитимдүү укуктарын колдонушу керекпи? Же алардын аракети кеч болуп калдыбы?
-Сооронбай Жээнбеков эл менен калып, укуктук талааны камсыздап, анан кетсе болмок. Эл эмне жеп коймок беле? Эми башка жакка барып алып ач айкырык, куу сүрөөн кылгандыктары алардын суу жүрөк, коркок экендиктерин билдирип койду. Президенттин өз укуктарын колдонуп, эл менен жолугуусуна ким жолтоо болду. 5 саат күтүп турушту го? Эми айып өзүндө. Эл катуу сурап алат. Тарыхта өтө эле жаман ат менен кала турган болду. Аттиң гана дейсиң да!
-Айрымдар абал көзөмөлдөн чыгып кетсе, жарандык согушту чыгарууга кызыкдарлардын тилеги ишке ашып кетиши мүмкүн деген кооптонууларын айтышууда. Буга не дейсиз?
- Абал өтө эле кооптуу болуп турат. Жарандык согуштун бетин ары кылсын. Бирок бул сөздү айтып коюп эле тынч отургандын өзү дагы кылмыш. Мен ден соолук жок ооруканада жатам. Президент, төрага, премьер-министр эмне кылып жүрүшөт. Кечээ эле короздой болуп кыйкырып жатышпады беле? Өз милдеттерин аткарбай житип кеткендиктери булардын элди сатып кеткендиктери катары баалап коюубуз шарт. Кийин жооп беришет. Ал эми башсыз калган эл, айрыкча жаштар ар кандай кадамдарга барып коюулары мүмкүн. Ошондуктан партиялардын башчылары тез биригишип, макулдашуу чараларын көрүүлөрү зарыл. Сырткы күчтөр учурдан пайдаланып жатышат.
- Мындан ары жеңилген партиялар эле чуу чыгарып, бийликти басып алууну адатка айлантып алса, мамлекеттин келечегине кедергисин тийгизип калбайбы?
- Келечекке кедергисин тийгизгендиктери ушул да! Дагы кандай болушу мүмкүн? 2005-жылдан бери эле ушул кокуй көрүнүш. Партлидер болумуштардын көпчүлүгү эгоист экендиктеринин белгиси. Бийликти биротоло кол жоолук кылып алышты. Биринчи кезекте эл ошолорду жазалоосу керек болуп калды. Тарыхта мындай учурлар көп эле болуп келген.
-Мен лидер дегендин баары эле укуктук талаага кайтуу тууралуу айтып жатышат го?
-Укуктук талаага кайтууга милдеттүүбүз. Ансыз талаа командирлери башкарган бандиттик коомго айланабыз. Көп саясатчы болумуштар ушундай анархияны каалап турушат!
-Ошондо кандай жол менен укуктук талаага кайтабыз?
-Жогорку Кеңеш өзүнүн чукул отурумун уюштуруп, Конституцияга ылайык, төрагасы 2 айга президенттин милдетин аткара алат. Ал киши өтпөсө, премьер-министр дайындалат. Анан президенттик шайлоо белгиленип, анын мөөнөтү тастыкталат. Мыйзам боюнча ушундай!
Айкөкүл Мырзабекова
Шайлоонун жасалма жыйынтыгын жокко чыгаруу үчүн сөзсүз эл Ак үйдү басып алышы керек беле?
4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча чечимди Борбордук шайлоо комиссиясы 6-октябрда кабыл алды. Бул убакта толкуган көпчүлүк митингге чыгып, бир нече саат бою бийликтин жообун күтүп, эч кандай реакция болбогондон кийин Ак үйгө чабуул жасап, бийликти өз колуна алган кез болчу. БШКнын басма сөз катчысы Марина Гречаннаянын айтымында, Боршайкомдун 11 мүчөсү шайлоо жыйынтыгын жокко чыгарууга добуш беришкен.
4-октябрга чейин эле эл арасында шайлоодо административдик ресурстар колдонулаарына, таза, ачык өтпөшүнө күмөн пайда болгон. Анткени, парламенттик жарышка бийликчил бир эмес, үч партия аттанган. Шайлоо күнү катышкан катышкан бийликчил эмес 13 партиянын байкоочулары жана көз карандысыз байкоочулар тарабынан шайлоо участокторунда добуш берүү процессин ар кандай махинациялык ыкмалар коштоп жатканын соцтармактарга үзгүлтүксүз жарыялап турушту. “Биримдик” партиясына добуш берип, анысын телефонуна сүрөткө тартып алып жаткандар, бир нече бюллетенди бир адам урнага таштоого аракет кылганы, “Мекеним Кыргызстандын” өкүлдөрү бир маршрутка толтурра эл жүктөп шайлоо участокторуна жеткиргени, ошол жерде туруп акча тараткандар – баарынын жүзү ачык чагылдырылган видео интернетти аралап жүрдү. Мындай мыйзамсыздыкка карапайым эл катуу нааразыланганы менен Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан кыймыл болгон жок. Шайлоодогу мыйзам бузууларга баа берилээрин убада кылышканы менен качан, кантип ал партиялар жазаланаарын тактаган бирөө болбоду. Ачыктан ачык эле бийликчил партиялар эмне кылса да БШК дагы, бийлик дагы көз жумуп, көрмөксөн болушту. Акырында, шайлоо күнү добуштардын жыйынтыгында “Биримдик” менен “Мекеним Кыргызстандын” алдыга 45-46 мандатты өңөрүп чыга келиши, анын артынан дагы бир бийликке ыктаган “Кыргызстан” партиясынын төбөсү көрүнгөнү, ал эми элдик партиялардын артта калышы – элдин нааразычылыгын чегине жеткирди. Бирок ошол убакта да “кыйкырып, кыйкырып калышат да” дегенчелик кайдыгер мамиле жасалып, мыйзам бузууларды мыйзам чегинде карап, баа берүүгө эч ким шашылбады. Уурдалган, сатып алган добуштар менен алдыңкы орунга жеткен партиялардын жеңиши мыйзамдуу кабыл алынды.
Ошол БШК, канча мыйзамсыздыкка көзүн жумуп, жогору жактын көрсөтмөсү менен иш алып барган БШК эл толкуп, канча адам жаракат алып, бир жаш жигит каза таап, Ак үй өрттөнүп, канча деген автоунаалар талкаланып, адам өмүрүнө жана мамлекеттин бюджетине зыян келтирилген кезде гана шайлоону жокко чыгарууну туура деп тапты.
Булак: "Майдан.kg" газетасы