Печать
Категория: Коом
Просмотров: 187

Балээнин баары баштагыдай эле шайлоодон чыкты. Ууру-кески, коррупционерлер, олигархтар, бандиттер биригип алышып, “элди сатып алабыз, коркутуп алабыз”, - деп намысыбызды козгоду, кордоду. 
Бийлигибиз: “Баарына бирдей шарт, эч кимге артыкчылык берилбейт”,- деп ашынган ууруларды колго чаап тыйган жок. Жалпы элге “Раим –миллион” деген ат менен таанылган ууру-коррупционердин шериктештери, тууган, жек -жааты,  кутуруп, эч кимди көзгө илбей калды. 
Чындык чыркырап тепселенди. Журналист, адвокат сөрөйлөрдүн көбү жеке кызыкчылыктарынын кулу болуп, чындыктын чыркырап тепселенгенине, элдин кордолуп жатканына, мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалына доо кетип жатканына карабай акчага сатылышып, “Раим- миллионду” мактап, күн- түнү сайрап турушту. Раим эфирдин көп бөлүгүн ошол “арзыматтарга” сатып берип койду.
Тилекке каршы, жогорку бийлигибиз бул коррупционер, ууруларды колго чаап тыйганга батынбай, кырдаалдын оорлошуна себепчи болгонсуп калды. Элдин: “Бу бийликтин Раимден коркок билиши барбы(?)”-деген нааразычылыктары күчөй берди. 
“Раим чекеге чыккан чыйкан болду”- деп, эки жылдан бери “Майдан. kg” гезитине кайра-кайра жазып келдик. бийлик башындагыларга, жолуккан сайын: “Ушу Раим бийликтин түбүнө жетет”,- деп айтып да келдик. Бизден башка да далай аксакалдар, журналистер, саясатчылар тынымсыз айтып жатышты. Такыр чара көрүлбөдү. 
Акыры мына шайлоонун жыйынтыгы менен ошол ууру Раимдин “Мекеним Кыргызстан” партиясы 50гө жакын мандатты чапчып түшкөнүн көргөн эл түңүлдү. Көнгөн адатына салып, билген намазын окуду. Ак үйдү кайрадан  талкалап, өрттөп салды. Ар кайсы топ түрмөдөгү кылмышкерлерди чыгарып кетишти. 
Азыр бардак, партиялар кресло бөлүштүрүү менен алек болуп, өлкөдө хаос, мыйзамсыздык орун алды.
Бийлик жоктугунан ар ким өз каалаганын кылып кресло талашмай, анархия башталды. Маклекеттүүлүгүбүз коркунучта! Аянттагы кызуу-кандуу жаштарды жалпылап кой-ай деп тыялы. 
Стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн легитимдүү бийлик бутактарына кайрылууга муктажбыз. Жаңы парламент шайланып өз ишин баштаганча 6- чакырылыштын депутаттары ишин токтотпойт. Жакшы көрсөк да, жаман көрсөк да ошол, башка жол жок. Азыр 6- чакырылыштагы парламент менен президент Сооронбай Жээнбековдон башка легитимдүү бийлик жок. Кааласак да, каалабасак да бул турмуш чындыгы.
Президент теле кайрылуу кылып, партияларды стабилдүүлүктү калыбына келтирүүгө чакырып, БШКга тапшырма берип,өз сөзүн айтты. Эми эски депутаттар тез чогулуп, “Макалё” жакпаса жаңы төрага шайлап ишин баштап, иш орундарынан качкан, куулгандардын ордун толуктап, эл ишениминдеги өкмөттү бекитип бериши керек. Депутаттар Акүйгө келишсе эл токмоктойт деп коркушса, башка жака чогулуп болсо да иштерин башташы керек.
Кандай жол менен болсо да саясый туруктуулукту калыбына келтирүү - бул бүгүнкү күндүн негизги талабы! Болбосо тополоң улана берет. Ар ким ар кайсы креслону кучактай жыгылганды токтотпосок, андан тополоң гана күчөйт. 
Эсибизге келели! Жаштар тынчыгыла! Өлкөнү, элди ойлогула!

Булак: "Майдан.kg" газетасы