Печать
Категория: Коом
Просмотров: 104

Бишкек шаарынын коменданты болуп Алмаз Орозалиев дайындалды.

Бишкек шаарынын аймагында 2020-жылдын 9-октябрында саат 20: 00дөн тарта 2020-жылдын 21-октябрынын саат 08: 00гө чейин өзгөчө абал режими күчүндө болот.

Массалык башаламандыктардын натыйжасында күч колдонуу менен адамдардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жараткан кырдаалга байланыштуу, Конституциянын 15-беренесине, 64-беренесинин 9-бөлүгүнүн 2-пунктуна жана конституциялык мыйзамдын 3, 4, 7, 8-беренелерине ылайык, жарандардын өмүрүн жана саламаттыгын сактоо, коомдук-саясий кырдаалды тез арада турукташтыруу максатында Бишкек шаарынын аймагында өзгөчө абал киргизилди.

Өзгөчө абал киргизилген мезгилде ички иштер министринин орун басары Орозалиев Алмазбек Кыдырмаевич Бишкек шаарынын коменданты болуп дайындалат.
Өзгөчө абал режимин камсыз кылуу үчүн Бишкек шаарынын аймагында комендатура түзүлөт.
Бишкек шаарынын комендатурасы жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилет.
Бишкек шаарынын аймагында төмөнкүдөй өзгөчө чаралар, жарандардын укуктарын жана эркиндигин убактылуу чектөөлөр жана алардын кошумча милдеттери аныкталсын:
1) коменданттык саат киргизилсин;

2) жарандардын келип-кетүүсүнүн өзгөчө режими киргизилсин;

3) айрым жарандарга белгиленген мөөнөткө өз үйүн (батирин), же болбосо убактылуу жашаган жерди таштап кетүүгө тыюу салынсын;

4) коомдук тартипти сактоого, стратегиялык объекттерди жана калктын жашоо-турмушун камсыз кылуучу объекттерди коргоого ички иштер жана коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын бөлүктөрү тартылсын;

5) оюн-зоок, спорттук жана башка массалык иш-чараларды, ошондой эле иш таштоолорду, чогулуштарды, митингдерди, көчө жүрүштөрүн, демонстрацияларды жана пикеттерди өткөрүүгө тыюу салынсын;

6) аймактын жашоочусу болбой туруп коомдук тартипти бузгандар, анын ичинде чет элдик жарандар да алар туруктуу жашаган жерге же өзгөчө абал жарыяланган жерден тышкары жерге өздөрүнүн каражаттарынын эсебинен чыгарып жиберилсин;

7) ишканалардын жана уюмдардын продукция өндүрүү жана жеткирүү боюнча ишин камсыз кылуу максатында алардын иш планына өзгөртүүлөр киргизилсин, ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иштөөсүнүн өзгөчө режими белгиленсин, ошондой эле алардын чарбалык ишинин башка маселелери чечилсин;

8) жүйөлүү себептер боюнча бошотулган учурларды кошпогондо, жумушчулардын жана кызматчылардын өз каалоосу боюнча иштен бошонуусуна тыюу салынсын;

9) эгерде өзгөчө абал жарыяланган аймакта түзүлгөн кырдаалды курчутуу үчүн колдонулушу мүмкүн болсо, анда жалпыга маалымдоо каражаттарын контролдоо киргизилсин;

10) байланышты пайдалануунун өзгөчө эрежелери киргизилсин;

11) дипломатиялык кызматтардын транспортун кошпогондо, транспорт каражаттарынын, анын ичинде чет элдик транспорт каражаттарынын кыймылы чектелсин жана аларды карап чыгуу жүргүзүлсүн;

12) жарандар массалык топтолгон жерлерде документтер текшерилсин;

13) өзгөчө абал жарыяланган аймакта жашаган жарандар үчүн өздүк коопсуздукту камсыз кылуу боюнча алдын ала чараларды көрүү тууралуу кошумча милдеттер киргизилсин.

1) ушул Жарлыкта белгиленген чараларды жана убактылуу чектөөлөрдү ишке ашырганда мыйзамдардын сакталышына көзөмөлдү камсыз кылсын;

2) өзгөчө абал мезгилиндеБишкек шаарынын аймагында мыйзамда белгиленген тергөөгө караштуулукту өзгөртүү укугу берилсин.

Булак: Маралфм