Печать
Категория: Коом
Просмотров: 109

Эске салсак, борбор калаада Садыр Жапаровдун жана оппозициялык партиялардын тарапкерлеринин нааразычылык акциялары өтүп жатат

Орто-Сай базары шаардагы митингдерге байланыштуу жабылып жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына базардын кызматкерлери билдиришти.

"Коопсуздук кызматы жаңы эле контейнерлерди тезинен жаап, үйгө кеткиле деди", - деп редакциядан билдиришти.

Эскерте кетсек, учурда Ала-Тоонун борбордук аянтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жана парламенттин экс-депутаты Өмүрбек Бабановдун тарапкерлери жөнөп жатышат.

Ал арада Садыр Жапаровдун тарапкерлери аны премьер-министр кылып дайындоону талап кылып, эски аянтта митингге чыгышууда.

Булак: vesti.kg