ИИМдин эмгек жамааты Курсан Асановго ишенбөөчүлүк көрсөттү. Бул тууралуу маалымат каражаттары жеке булактарына таянып жазышууда.
Анда айтылгандай, бүгүн ИИМде болгон жыйналышта эмгек жамаат өзүн өзү министр атап алып жетекчилик кылып жаткан генералды кууп чыгууну чечишкен.
Эске салсак, буга чейин УКМКнын өздүк курамы өзүн өзү жетекчиликке бекиткен Өмүрбек Суваналиевди кууп чыккан.