УКМКнын жеке курамы мекеменин башчысынын милдетин аткарып жаткан Өмүрбек Суваналиевди кубалап чыкты. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары өздүк булактарына таянып жазышууда.
Анда айтылгандай, УКМКнын башчысынын милдетин орун басар болуп иштеп келген Талантбек Салиев убактылуу аткарып турат.
Маалыматта белгиленгендей, коопсуздук кызматынын бардык жеке курамы күчөтүлгөн режимде иштөөгө өттү жана мекеме басып алуучулардын аракетине туш болсо куралдуу каршылык көрсөтүүгө аргасыз болот.
"vb.kg" маалымат агенттиги "Суваналиев чекисттерге эмнеге жакпай калды?" деген суроонун тегерегинде төмөнкүдөй ой жооруган:
"Чындыгында, кырдаалдын мындай өңүт алышы мыйзам ченемдүү болчу. Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары катары Суваналиев УКМКнын башчылыгын колуна алганда андан өлкөдөгү абалды жөнгө салуучу, тартипке чакыруучу чечкиндүү кадамдарды, адекваттуу чараларды күтүшкөн.
Бирок ал эмне менен алек болду? Негизинен, өзүн өзү пиарлоо менен. Ал Россиянын ФСБсынын башчысы менен байланышты, Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин башчысына телефон чалды - бул тууралуу пресс-релизди эмнегедир бардык ММКларга таратты. Өзүн чыныгы мент катары көрсөттү. Чекисттер минтип ар кадамын жарыялап иштешпейт, пиар менен алектенбейт.
Өлкөдөгү кырдаал курчуп жатканда Өмүрбек Суваналиев шаарды талап-тоноочулардан коргоо үчүн эч нерсе жасаган жок, бул маселени чечүүнү элдин өзүнө коюп койду.
Ошондой эле ал тараптан өлкөнүн улуттук коопсуздугун коргоого багытталган эч кандай аракеттер болбоду. Саясий партиялардын лидерлерин бириктирип, сүйлөшүүлөрүнө модератор болуунун ордуна байланышуудан качып жатты.
Кыскамы, бул Каттанинин калыптанган стили. Ойлонулган, чечкиндүү чечимдер күтүлгөн кезде ал эмнени кааласа ошол менен алектенет. 2010-жылы Ошто кагылышуу болуп жатканда, анын кесепеттерин жоюунун ордуна, саясий шылтоо "референдумга" жамынып, баарын таштап кетип калган. Баягы эле Суваналиев".