Печать
Категория: Коом
Просмотров: 162

Талас облусунун Бекмолдо айыл өкмөтүндө жайгашкан “Жерүй” алтын кени өрттөлүп, таланып жатканын жергиликтүү тургундар билдирди. 

Маалыматка караганда, 6-октябрда саат 11лер чамасында 200дөй  кишини тосуп, кармап турушкан. Бирок токтото албай калгандыктан, жаалданган топ кендин имаратына өрт коюп, кампалары, кеңселери күйүп кеткен.
Белгилей кетсек, “Жерүй” алтын кени Талас районунун Кара-Ой кыштагынан 26 чакырым аралыкта, Талас кырка тоосунун Түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3205-3710 метр бийиктикте жайгашкан. Бул кенде орусиялык “Алтын Альянс” ишканасы чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан. 


 Булак: "Майдан.kg" газетасы