Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары айыл өкмөт башчысы менен участкалык милиция кызматкерин бакка байлап коюшкан. Алардын видеосу соцтармактарга жарыяланды.
Жергиликтүү элдин айтымына караганда, окуя мындай болгон: эл топтолуп айыл өкмөт башчысынын үйүнө келген, а башчы участкалык милиция кызматкерин чакырган да, алар бириге калып, элге ок ата башташкан. Жергиликтүү жашоочулар көптүккө салып экөөн кармап, бакка таңып ташташкан. Ок атуудан жабырлануучулар жок.
Булак: "Майдан.kg" газетасы