Маданият, маалымат жана туризм министри Акылбек Жаманкулов иш бөлмөсүнөн чыгып кеткенин маалымат каражаттары жазган болчу. Ал бир нече киши келип, ордуна Эл артисти Курмангазы Азыкбаевди министр кылып отургузганын билдирген.
Бирок кийинчерээк министрликтин эмгек жамааты “жаңы министр” Курмангазы Азыкбаевге сылык-сыпаа эшикти көрсөтүп, Акылбек Жамангуловду ордуна калтырышканы белгилүү болду.
Ошондой эле каржы министри Бактыгүл Жээнбаеваны жана Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисин да митингчилер сыртка чыгарып коюшкан. Алардын ордуна кимдер отурганы белгисиз.
Булак: "Майдан.kg" газетасы