Кыргызстанда Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыктары жокко чыгарылды. Бул тууралуу 24.kg ге Башкы прокурор Алмамбет Шыкмаматов билдирген.
Жаңы шайлоонун датасы азырынча белгисиз экени белгиленди.
Эске салсак, бир нече миңдеген кыргызстандыктар Ала-Тоо аянтына акыркы парламенттик шайлоону жараксыз деп табуу талабы менен келишкен.
Нааразычылык акциясы Ак үйдү басып алуу жана камактагы саясатчылардын бошотулушу менен аяктады.
Булак: vesti.kg