Печать
Категория: Коом
Просмотров: 321

Санжыра” борборунун директору, тарых жазуучу, профессор, КРнын “Ала – Тоо Мекенчил Инсандары” коомдук кайрымдуулук фондунун тɵрагасы, кыргыздын тарыхын изилдеп, Евразиянын 43 мамлекеттерине барып, архивдик тарыхый материалдарды чогултуп келген Асыкбек Оморов “Майдан.kg” гезитине маек курду.

- Агай, айтсаӊыз, ушунча кɵп мамлекеттерге барып келипсиз, ал мамлекеттерге эмне максат менен бардыӊыз же жалаӊ эле ушу кыргыздын тарыхын ошол мамлекеттерде дагы барбы? 

- Рахмат, сизге бул жакшы суроо, биринчиден биздин кыргыз элинин тарыхы жалгыз эле Кыргыз Республикасы менен чектешкен 7 облустардын ичинде жайгашкан кыргыздар чектешкен Алтай, Казахстан, ϴзбекстан, Түндүк Ооганстан, СУАР аймактарында эле эмес андан сырткары Тибетте Евразиянын 83 мамлекеттеринде кыргыздын канынын гаплогруппа курамы болгон R I a I ар кандай үлүштүк катышта байыркы замандардан бери бүгүнкү күнгɵ чейин дүйнɵлүк медициналык анализдин чечими менен аныкталып, ар кандай үлүштɵ сакталып калгандыгында. Ошон үчүн орус жана советтик тарыхчы В.В.Бартольд бекеринен “Тектеш элдер ичинен, тарыхта аты мынчалык эрте кездештирген кыргыз элиндей этносту бир да жерден жолуктура элекмин” деп бекеринен жазбаган. 

Б. з. 300-150 жылдарга чейин кыргыздардын “Хунниктер” каганаттыгы Евразия аймактарында бийлик ɵкүмдарлыгын жүргүзүп турган. VIII кылымдардын орто ченинде Түштүк Сибирь аймактарында түзгɵн Барсбек кагандын бийлиги, IX-XI кылымдардагы Евразия аймагындагы Кыргыз империясы, XVI Кыргыз хандыгы, XVII кылымда болсо Түштүк Сибирь аймагындагы Кыргыз хан аймагы болуп, ушинтип ар кайсы мезгилдерде Евразия аймактарында бирде  каганаттык, бирде хандык, бирде хан аймагы болуп бийлик ɵкүмдарлык бийликтерин жүргүзүп келишкен. Ошонун натыйжасында кийин ар кандай тарыхый окуяларга байланыштуу ошол эле жерлерде азыркы мезгилдерге чейин пайда болгон мамлекеттер ичинде элинин санына жараша республика, автономиялык республика жана ал мамлекеттердин облустар ичинде ɵзүнчɵ райондук статустар менен кыргыз улутунун этникалык ɵкүлчүлүктɵрүнɵ чейин сакталып жашап келет.

Ошондуктан биздин негизги милдет кыргыздын 40 уруусунун тарыхын ар кайсы мамлекеттерден аз да болсо чогултуп, ал жактагы кайсы уруулар кайсы мамлекеттерде калып калган эмне себеп менен жана алардын түтүн санын жана ал уруулардын жалпы санын тактоо ар бир уруулардын бирден том болуп чыгарыла турган китептерине компьютердин “эксель” программасы боюнча чыгаруу биздин алдыда жазыла турган бир нече жылдык эмгек болуп саналат.

- “Ала-Тоо мекенчил инсандары” фондун түзүүгɵ сизде кандайча ой пайда болуп калды жана эмне себептен түзүп калдыңыз?

- Кыргыз эли дайыма сыйчыл эл эмеспи, “Санжыра” борборунун тарыхый-илимий экспедициясы дайыма чет мамлекеттерге ал жакта иштеген кыргыздарга барганда сɵзсүз түрдɵ аларга кɵп суммадагы баалуу белек, бечкектерди кыргыз уул, кыздарынын улуттук багытында жасалган сувенир шахмат, калпак, ээр, ɵрүлгɵн камчы, “Манас” деп тартылган сүрɵт, териден кооздолуп ар кандай картиналарды, кыскасы ал жактарда жок буюмдардын бардыгын аларга тартуулайбыз. Кыргызда “Темене тартып тɵɵ алат” деген кеп бар эмеспи, анын сыңарындай биз дагы ал аймактардагы мекендештерибизге куру кол барбастан, ал берген тартуу белектерибиз аркылуу, эң негизгиси ал жактагы мекендештерибиз аркылуу, алардын жардамы менен кɵп багыттагы баалуу тарыхый-санжыралык материалдарды, архивдик матераилдарды жана ошол жактагы элдердин санын тактап жана эң негизгиси ТВнын тележурналисттери, операторлору аркылуу ошол жактан сериалдуу документалдуу фильмдерди тартып келебиз. Ал документалдуу сериалдарды дайыма биздин кыргыз эли кɵрүп эле жатышпайбы. Ошон үчүн бул кайрымдуулук фонд түзүп, жалаң чет мамлекеттерде иштеген жарандарыбыздын аз да болсо материалдык жардам катары каржылык багыт ошол фонддун эсебинен жүргүзүлɵт.

- Ошол эле учурда, “Мекенчил” партиясын колдоп жатасыз, максатыңыз эмнеде?

- Биринчиден, “Мекенчил” деген партияны учкан куштун эки канаты сыяктуу же болбосо кыргыздын түндүк жана түштүк аймактарынан кыргыздын накта мекенчил жарандары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев достор ушул партияны түзүштү. Садыр Жапаров бешинчи чакырылыштын депутаты болуп турганда “Кумтɵр” алтын кени жана чек ара маселелери боюнча бийликке жакпаган кɵп сырларды жетишээрлик деңгээлде ачыгы менен толук түрдɵ айтып берди, эми ошол жашыруун сырды жалпы элге таратуу жана билдирүү ушул партиялардын негизги программалары болуш керек эле да. Кудай буйруп, бул партиядан депутат ɵкүлдɵрүбүз барса, бийликтин кɵзүн ачып, жакшы мыйзамдарды жаратып, ал мыйзамдар инвалид же паралич мыйзам болбой, элдин жашоосунда социалдык кɵптɵгɵн багыттарда пайдасы тийген мыйзам жаратса деген бизде чоң үмүт. “Кɵч бара, бара түзɵлɵт” дегенде бийлик башкаруу системасы дагы оңолуп, эл пайдасына иштей баштайт деген жалпы элдин негизги максаты, тилекке каршы улам бийлик алмашса да бул жɵнүндɵ такыр ойлогусу келбей жатат. Садыр Жапаровду чыгаргысы келишпейт. Муну логикалык жактан каалаган адам ойлойт, бийлик тараптын “чыйк” деген жерин Садыр Жапаров 5-чакырылыштан бери былчыйтып элге ачыгын айтып койгон жана ошол танбастан айтып келе жатат.

-  Сиз чек ара иштери менен байланыштуу иштерде жана алтын казууда комбинаттарда кɵп жылдары жетекчи катары да иштеп келдиңиз, ушул эки багытта  бир аз азыноолак сɵз баштасаңыз жакшы болот эле...

- Негизи мурун СССР деген бир эле мамлекет бар эле, ошондо инженердик-геологиялык чалгындоо иштеринде экспедициянын жетекчиси болуп Алтайда, Монголия аймактарында кɵп жылдары иштедим, кийин ал жактардан келгенден кийин республикабыздын тоо кендерин иштетүү багыты рудалык жана рудалык эмес болуп эки багытка бɵлүнɵт, ошол эки багытта тең мекемелердин башкы жетекчиси болуп иштеп келдим. Союз учурунда “Киргизспецнеруд” деген мекемени ɵзүмдүн демилгем менен жоюп, “Кыргызташ” республикалык тоо-кендеринин рудалык эмес багытта иштетүү боюнча атайы мрамор, гранит, сары таш, сланец таштарды иштетүүдɵ биздин Нарындагы Лахолдогу “Ак таш”,  Кичи-Кемин “Ак таш”, Москва районунун Чичерин айылындагы сланец ташынан “Красный строитель” заводдон күйгүзүп керамзит чыгарчыбуз, андан кийин Токтогул районундагы “Чычкан” мрамор карьери менен Манас районунун Кайыңды айылындагы кызыл, кɵгүш гранит жана ал таштарды жылмалап кооздоп чыгарган Токмоктогу гранит, мрамор заводдору бар эле, ошол карьерлерде, мекемелерде башкы директор болуп 5 жыл иштедим. Андан кийин Тогуз-Торо районунда “Макмалалтын” комбинатынын башкы директорунун биринчи орун басары болуп 5 жылга жакын иштеп, Солтон-Сарыдагы “Бучук Голд Лтд” биргелешкен ишканасында да жетекчи болуп 5 жылга жакын иштедим.

Эми ушул мен иштеген эки багытта теӊ “Мекенчил” партиясынын негизги программалары болуп эсептелген биринчи чек ара, анан “Кумтɵр” компаниясынын иштери боюнча элдин кɵйгɵйүн, 30 жылдан бери чечилбеген кɵп маселелерди депутат болуп иштеп турганда Садыр Жапаров какшап бийликке каршы сɵз айтып чырылдап келе жатат, мурунку жана азыркы бийлик болсо кɵз жаздымга салып, тескерисинче Садыр Жапаровду түрмɵгɵ жазыксыз камап келүүдɵ. Ошон үчүн Садыр Жапаров: “мен кекчил саясаттын курмандыгы болдум” деп бекеринен темир тордун ары жагынан жалпы кыргыз элине кайрылууда. Ал кайрылуусунда: “Мен билек түрɵ кɵтɵргɵн элдин кызыкчылыгындагы маселелер, жиликтин башын зыркыратып, таманды ташка жанчый турган кɵйгɵйлɵр. Менин бүткүл үмүтүм, бардык ой-санаам элим менен болду. Арам саясаттын үстɵмдүгүндɵ калгым келген жок. Кɵрсɵ, жоону бирге жоолашып, доону бирге доолашкан достуктун үстү түбɵлүк эмес экен. Мамлекеттин күйүтүн тартып, эч ким башын канжыгага байлай албайт тура. Арстандын туусун сайсак да, чындык ортодо кала берет. Элдин эки чоӊ мүлкү бар. Биринчиси баатыр, экинчиси акылман. Тилекке каршы эки тɵӊкɵрүштү теӊ, бийлик батырдыкты да, акылмандыкты да берген жок. Саясатыбыздын трагедиясы мына ушунда. ϴкүнүчтүүсү, “Абыке-Кɵбɵш, алты арам” деген саясаттын чеӊгээлинде, 20 жыл сүзүп келе жаткандыгыбызда. Жɵнɵкɵй эле жеке кызыкчылык менен жүрɵ берсек, мамлекетибизди жоготуп алабыз. Улуу максат бирɵɵ гана – Кыргыз мамлекетинин жаркын келечеги болуш керек. Ал жаркын келечек ар бир кыргыз жаранына сезилип турушу зарыл нерсе. Мен ушул жерден күчтүү сезим менен бир нерсени айткым келип турат. Улуу мүдɵɵ, Улуу сабырды туу туткан бийлик орномоюн, саясий кулчулуктан кутула албайбыз. “Серпишкенде бой бербес, сепил боло алабызбы” дегендей, кеп мына ушунда. Мейли, мен эл кɵйгɵйлɵрү менен жалгыз калайын. Бирок, эртен баары бир эл ырыскысын, эл байлыгын ойлогон бирɵɵ-жарым чыгат да. Ооба, мен бүгүн жалгыз чыбык катары күрɵшүп жатам. Каралаган ушактарга, кара жаным гана туруштук берип турган кезим. Менин күрɵшүм – ички, тышкы жоо күч алып турганда, бир муштумдай биригип, элдин олжосун сыртка бербей акыл тирек менен Ата журт алдында, ɵз милдетибизди гана аткаруудабыз. Кандай болбосун, акыры карызга жакшылык алып келбейт. Бул вазийпанын аягы бүдɵмүк. 2005-жылдагы шайлоочуларымдын ишеничи, Ош окуясы, “Кумтɵр”, “Мегаком”, Каркыра чындыгы мага ɵзгɵчɵ таасир берди. Бийликтин, саяатчылардын адилетсиз кадамдарына, катардагы кɵрүүчү болуп тим отура албаганым балким, мага душман болгондур деп ойлоп кетем. Коркпой тайманбай күрɵшкɵнүм, мени сындыра алган жок. Мен буга эч убакта ɵкүнбɵйм. Саясий куугунтуктун болгон түрүн кɵрдүм. Саясаттагы позициям үчүн жакын туугандарым азап чекти. Кекчил саясаттын курмандыгы болдум. Бирок, эӊ башкысы абийир таза, эл менен калдым. Акыркы күндɵрү кыргыз элим сокур болбосо экен деп тилеп калдым. Адамдардын кайсыл бир бɵлүгүн басмырлоо күч алып, басынгандыктан элде үмүт жоголуп бара жатат. Салижан Жигитовдун “Шуулдаба теректерим, шуулдаба, шуулдасаӊ ыйлагым келет менин” деп жазылган ыр саптарын кɵп эстейм. Кɵл тарапка баратып, кыргыз жерине суктанып атып эле куураган ɵрɵɵндү элестетип, чочуп кетем. Кудай сактасын деп күндɵ тилейм. Ак чокулуу мɵӊгүлɵрүбүздү, мончоктой мɵлтүрɵгɵн кɵлүбүздү, чубалып ɵмүр берген кыргыздын дарыяларын, кожагат, карагат толгон тоосун, килемдей кɵк шиберге толгон жайлоосун сактап калалы! Кыргыздын бир уулунун тилеги ушул. Кыргыздын жерин тоолорун, суусун, алтынын баркын билген адам катары ушуну жаздым. Ашууну ашуу үчүн дагы далай кызмат, эл алдында бере турган отчетторубуз бар. Эркиндиктин туусу бийиктикте гана желбирей берсин!”- деп Садыр Жапаров күн сайын какшап жазып келет. Аны бийлик сокур болгонсуп кɵргүсү келбейт. Жалпы элдин кызыкчылыгынан бийликтин жеке кызыкчылыгы жогору болуп калган.

Садыр Жапаров түрмɵдɵ отурганда атасы, энеси жана баласынан ажырады. “Атасы ɵлгɵн аска тоосу кулаганга барабар” дейт. Садырдын аска тоосу түбɵлүккɵ кулады, бирок ошол аска тоосунан элдин кызыкчылыгынан жогору койду, аны бийлик түрмɵдɵн чыгарган жок. Садыр Жапаровду азамат, даана мекенчил кыргыздын азаматы демекчимин. Андан кийин “Энеси ɵлгɵн мелмилдеп жаткан кɵлү соолгонго барабар” дейт, Садырдын мелмилдеп чайпалып турган кɵлү да түбɵлүккɵ соолду. Эми “Баласы ɵлгɵн, ɵмүр бою ɵзɵгүн ɵрт алганга барабар” дейт, анын сыңарындай Садырдын ɵмүр бою ɵзɵгүн ɵрт алып турган кези. Садыр “балам ɵлдү” деп эч кимге арманын да айта албайт. Садырга мына ушул оор абалдар, турмуштун эң оор сынагы, Садыр азыркы жана мурунку бийликке чек ара маселелери жана кɵп багыттагы “Кумтɵр” алтын маселелелерин “бийликти сен туура эмес иш жүргүзүп жатасың” деген ачык суроо менен даана кɵзгɵ сайып так даана 5-чакырылыштын депутаттарынын кɵзүнчɵ айткан үчүн отурат. “Садырды баары бир чыгарат” деген кыргыз элинин кеч да болсо бийликтен чоң үмүтү бар, бирок ал качан болот белгисиз. 

Илгери кыргыздын хандары думана сыяктуу ɵзүнүн сырткы кейпин атайы бузуп алып сырттан бир да эл аны тааныбагыдай кылып, эл арасын кыдырышкан. Ошондо эл арасынан ɵзүнүн атын атап, “Баланча хан кандай иштеп жатат” деп элден сураган, эгер эл “хан элдин кулу болуп жакшы иштеп жатат” десе, анда ал хан маашырланып ошол жүргүзгɵн саясатын эл арасында андан ары уланткан, ал эми “туура эмес иштеп жатат” деген сɵздɵрүн укса туура эмес саясаттарын келип оңдоп, элге кайрымдуу, ийкемдүү жакшы саясатын жүргүзгɵн. Анын сыңарындай союз тарагандан бери бир дагы кыргыздын бийлиги элге жагымдуу саясат жүргүзүшɵ элек. “Элдин кулу” болгон саясатты жүргүзгɵндүн ордуна, “жеке байлыктын кулу болгон, кɵркоо” саясаттарын элген таңуулап жүргүзүшүүдɵ, ошондуктан элибиздин экономикасыда күндɵн күнгɵ сырткы карыздар кɵбɵйүп келүүдɵ, аны ойлогон бийлик жок.

Тарыхта мурун эпикалык чыгарма болсо да Манас атабыз элдин кулу болуп иштеген, андан кийин Эдил баатыр (Аттила) болду, үчүнчү элдин кулу болуп түрктɵрдү сактап калган Мустафа Кемаль (АтаТүрк) аталып тарыхта жазылып калды, андан кийин жердин наркы бетинде болсо да 2010-жылдан 2015-жылга чейин иштеген Уругвайдын президенти Хосе Мартини болду. Мындан башка тарыхта бир эл башчылары элге жагымдуу саясаттарын жүргүзүшɵ элек. Ошондуктан жалпы дүйнɵ эли бүгүнкү күн эртеңкиге окшобогон заманда жашап жатабыз! Садыр Жапаровдун түрмɵдɵн чыгышын эл тынсыздануу менен күтүп жатат. Досунун идеясын андан ары колдогон Камчыбек Ташиев элдин ишенимине кирип, Садыр досунун программаларын колдоп, партиянын негизги пландары кылып, элге түшүндүрүү багытта партииянын аты менен үндɵɵдɵ. Ошондуктан жалпы кыргыз элим, келечек үмүтүбүз, жашообуз ушул мекенчил жигиттерде! 

Маектешкен Гүлмайрам Коргонбаева .

Булак: "Майдан.kg" газетасы