- Шайлоо алдындагы дебаттар аягына чыгып, Кудай салбасын жарышка аттанган талапкерлердин “баш терисинен” алардын ким экенин калдайган калың журт жакшылап баамдап- байкап, айрым аябай кыйын деген “оозу менен орок оргондордун” айрым жаш саясатчылардын алдында апкаарып, ар кайсыны сүйлөп тантыраганына күбө болуп, көңүлдөрү кайт болушту.
Шайлоого сереп салган эксперттердин айтуусунда, Кыргызстанда шайлоо системасы акырындык менен нукка түшүп, талапкерлер асмандан айды алып түшпөй, кенен аудиториянын ичинде өзүлөрүнүн ким экенин, дарамети кандай экендиктерин элге көрсөтүп өз бааларын алышты. Шайлоо кумарына баткандар түн уйкуларынан кечип, күн-түн, ысык суука карабай, “кайдасың элим”- деп шамдын жарыгында өз программалары менен “терең” тааныштыруунун аракетинде. Эми кезек элде, баардык бийлик, келечек – тагдыр элдин өз колунда. Шайлоо күнү эл кимге ишенич артат, кимди эл өкүлү катары көргүсү келет, баары өз колдорунда. Ошол эле эксперттердин баамында демократия желаргысы менен элдин жеке эле шайлоо системасында эле эмес, ара-тараптуу көз караштары калыптанып, оңой жол менен “маселе чечип кетүү” кыйындаганын айтышат.
Карт тарыхты башынан кечирген Кыргыз калкым, 4- октябрда тарых барактарына алтын тамгалар менен жазылып калчу дагы бир окуяны сабырдуулук, акылмандык менен турмушка ашырат деген ишеним менен күткөн калдайган калың журттун ишеними акталаар!!!
Булак: "Майдан.kg" газетасы