Печать
Категория: Коом
Просмотров: 166

Ѳлкѳбүздүн ансыз да ѳп-чап абалдагы бюджетин пандемия андан бетер оорлотуп, айлабызды алты кылды. Абалдан чыгуу үчүн бюджеттин чыгаша бѳлүгү болушунча кыскартылып, мындай кыскартууларга  мамлекеттик органдар да барып жатат. Кечээ жакында эле Жогорку Кеңеш бюджетин кайра карап, 10 млн. сомдук кыскартууларга барды. 

Бюджеттин акчасын үнѳмдѳѳ учурдун талабы болуп турганын каржы министри Бактыгүл Жээнбаева дагы бир жолу эскертти. Ѳкмѳттүн акыркы жыйынында ал министрлик жана ведомстволорго кайрылып, бюджетти үнѳмдѳѳгѳ чакырды. Ал учурда каражат министрликтерге, мамлекеттик органдарга керектигин, бирок бюджеттин мүмкүнчүлүгү чектелүү экенин белгиледи. 
«Биздин башка аргабыз жок, ѳзүңѳр кѳрүп жаткандай, карызыбыз тездик менен ѳсүүдѳ. Мен сиздерге дагы бир жолу каражаттарды максималдуу түрдѳ үнѳмдѳп, максаттуу пайдаланууга чакырам. Түшүнүү менен мамиле кылыңыздар», - деди каржы министри. 

Булак: "Майдан.kg" газетасы