Печать
Категория: Коом
Просмотров: 234

Шумдугуң кургурдуку десе. Министрликтеги Департаменттин жетекчисинин орун басары коррупцияга ушунчалык баткан болсо, министрлер менен алардын орун басарлары боюнча эмне айтууга болот? 

УКМКнын Антикоррупциялык кызматынын кызматкерлери Экономика министрлигиндеги банкроттук иштер боюнча Департаментинин директорунун орун басары Б.Э.А. 100 миң сом алып аткан жеринен колго түшүрүлдү. Анык болгондой, аталган Департаментте коррупциялык схема иштеп келген. Ага ылайык, банкрот болчу ишканалардын активдеринин баалары жасалма жол менен тѳмѳндѳтүлүп, андан кийин ишканалар банкрот деп табылып турган. 
Ошондой эле аталган чиновниктин иш бѳлмѳсүн тинтүү учурунда 1 млн. 331 миң 300 сом ѳлчѳмүндѳ каражат табылган. Ал акчанын кайдан келгенин учурда аныктоо иштери башталды. Кандай болгон күндѳ да табылган сумма коррупциялык жол менен табылган акча экендиги талашсыз. Ѳкүнүчтүүсү, коррупцияга каршы күрѳш жүрүп, канчалаган чиновниктер кармалып, камалып, соттолуп атканына карабай коррупциялык кѳрүнүштѳр уланып эле жатат. 
Кызыгы, орто звенодогу жетекчилердин кылгандары бул болсо, жогорку эшалондогу аткаминерлер коррупцияны канчалык деңгээлде  ишке ашырып жатышат? Элестетип болбойт…  


Булак: "Майдан.kg" газетасы