Элибизде “алма сабагынан алыс түшпөйт” деген сөз бар. Мунун кеменгер сөздөрдөн экендигине жоболоңдуу АШАнын баласы Кадыр Атамбаевдин акыркы жоруктары, “Новые лица” ютуб-каналына берген интервьюсу дагы бир жолу ырастады. Ал бир туугандары менен бир адамды өлтүрүп, беш-алтысын жарадар кылып, ондогон кыргыздардын өмүрлөрүн кыйган Азиз Батукаевди ардактуу эскорттун коштоосунда менчик учак менен Кыргызстандан чыгарып жибергендиги үчүн 11,5 жылга эркинен ажыратылса, кландык-коррупциялык командасы менен биргеликте өлкөгө жүздөгөн миллиондогон долларлык зыян келтирген ири коррупциялык афераларды ишке ашыргандыгы үчүн да Кылмыш-Жаза Кодексиндеги эң оор беренелер менен айыпталып жаткан Алмаз Атамбаевдин сүрөттөрүн борбор калаанын көрүнөө жерлеринин баарына илип, аны жерге-сууга тийгизбей мактоодо. Ал өз интервьюсунда “наш отец работал честно, открыто и прозрачно” дегенди бир нече жолу кайталаптыр.
Өмүр бою мыйзамсыз иштер, уурулук, коррупция менен шугулданып келаткан адамды (атасы болсо деле) антип көкөлөтө мактоо үчүн адеп-ахлактык нормалардан, уят-сыйыттан сырткары турган адам болушу керек. Атамбаевдин 1990-жылдардын башталышында СССР Жазуучулар Союзунан Кыргызстандын жазуучуларына батирлерди куруу үчүн бөлүнгөн 50 миллион рублден ашык акчага 6 ири заводду сатып алып, аны өзүнө каттатып, анан алардын станок-жабдууларынын бардыгын металл сыныктары катары сатып, камаларында Түркияга качып кетип, анан биринчи төңкөрүштө акыйкат, адилеттик үчүн күрөшүүчү болуп чыга калып, андан бери тополоңчу гана болуп, сепаратисттер менен достошуп, аларды көкүтүп жүрүп, 2010-жылдын июнундагы Түштүктөгү кандуу окуялардын чыгуусуна аябагандай чоң салым кошуп, мамлекет башчысы болгондо да мас абалында оюна келгендерди оттогон адамды канчалык актап, жактаса да агартууга, күнөөсүн азайтууга мүмкүн эмес. Анткени, анын элдин, мамлекеттин алдындагы кылмыштары аябагандай көп. Ал ыймансыз “временшиктери” менен өлкөнү 5-6 жылга артка ыргытты. Ал өзү баш болуп коррупцияны гүлдөткөнү аз келгенсип, өз элин маскаралап, аймактарга бөлгөн, саясый, инсандык маданияты аябагандай төмөн, бок ооз, психикасы туруксуз, алкоголик президент катары тарыхка кирип калды. Аны менен кошо аны андай эң жогорку кызматка алып келген авантюристтер да убагы келгенде мыйзамдын жана тарыхтын сотунун алдында сөзсүз жооп беришерин бөркүңүздөрдөй көрсөңүздөр болот. А.Атамбаевдин кандай одиоздуу оргу-баргы, мандемдүү адам экендигин эң сонун билип туруп, аны жогорку кызматка кыргыздын душмандары гана жылдырышмак, сунушташмак. Бул өзүнчө чоң сөз. Аманчылык болсо, ага убагы келгенде кайрылабыз.
АША жана анын балдары жөнүндө икаябызды улантсак, алардын көзгө сайгыдай болуп турган фактыларды да танып, биздики гана туура деп тура бергендери кимди болбосун сактандырбай, шектендирбей койбойт. Ар кандай адам кылгандарым, айткандарым туурабы, эмнеден жаңылдым деп ойлонот. Көрүнүштү адекваттуу кабылдоо үчүн адам өзү адекваттуу болуусу зарыл. Адам адекваттуу болбосо, реалдуулукту эч качан адекваттуу кабылдабайт. Мына ушул жагынан Атамбаевдерде чоң проблема бардай сезилет. Мурда мындай көрүнүштү АШАдан байкасак, баласы Кадыр деле көп жагынан атасына окшош экендигин көрүүдөбүз. Ал фактыларды бурмалагандыгы жагынан атасынан да өтүп баратат.
2010-жылдын апрелиндеги төңкөрүштөн кийин Азимбек Бекназаров менен Сооронбай Жээнбеков Р. Матраимовду Ош бажысындагы жетекчи кызматтан кууп жиберишсе, ал А.Атамбаевге келип, 400 миң доллар берип, кайра ордуна отуруп алгандыгы, бул боюнча А.Бекназаров менен А.Атамбаевдин телефондо жаңжалдашканы убагында ЖМКларга жарыяланган. Эми аны Кадыр Атамбаев бурмалап, Р.Матраимовду ал кызматта С.Жээнбеков сактап калган деп жанын жеп жатат.
Атасынын айдоочусу Икрам Илмияновдун Кыргызстандагы кадр маселесинин көбүн чечип келгендигин, Матраимовдор менен Атамбаевдердин чатактары карындашы менен Райым миллиондун аялыбы же кызыбы, айтор узун чачтуу бирөөсү менен машине койгонго орун талашып, тытыша кеткендигинен башталгандыгын, ага чейин атасы деле аны сүрөмөлөп келгендигин мойнуна алыптыр. “Цена за ТЭЦ по ее постройке за 300 Мвт является ниже среднемировой и заметно ниже среднерегиональной по Центральной Азии” деп дагы бир жалганды учуруптур. Бишкек ЖЭбин модернизациялагандан кийин 300 Мвт эмес, 120 Мвт эле кошулган, 180 Мвт мурда эле болгон. 386 миллион долларды 120 Мвтга бөлсөңүздөр, Борбордук Азиядагы башка ЖЭБдерден Бишкек ЖЭБи 5-6 эсе кымбатка тургандыгы ачык болот. Ал эми жылуулук кубаттуулугунда мурдагыдан сезилерлик деле өзгөрүү болгон эмес. Ал эми ЖЭБдин негизги милдети, электр энергиясын өндүрүү эмес, калкты ысык суу менен камсыз кылуу болуп саналат. Бул өңүттөн алганда, кредиттин 111 миллион доллары уурдалса, калгандары да өз максатына жеткен эмес.
Анан анын А.Батукаевдин бошотулушу боюнча баардык күнөөнү Ш.Атахановго төңкөгөнү чындыкка жакындашпайт. Эгерде Ш.Атаханов чын эле атасын алдап кетсе, эмне үчүн дароо ага каршы кылмыш ишин козготуп, каматып салган эмес? Тескерисинче, Ш.Атаханов эрке баладай кызматтан кызматка секирип, тайраңдап гана жүрдү го. Андан көрө андан атасы реалдуу канча киреше тапкандыгын айтса туура болмок.
Чолпон-Атадагы ат майданын куруу, Улуттук тарых музейин оңдоп, түздөө сыяктуу ири долбоорлордун бардыгы коррупциялык механизмдер аркылуу ишке ашырылгандыгы далилденген. Эгерде Датка-Кемин жогорку кубаттагы чыңалгычы, альтернативдүү Түндүк-Түштук жолунун курулушу текшерилсе, алардан да сөзсуз илинчектер чыкмак. Анан Кадыр Атамбаев азыркы бийликтегилер атамдан Кокондун ыкмасында өч алып жатат дептир. Кекилик өз атын өзү чакырат деген ушул. Ал атасынын теги Кокондон да ары өзбектердин Самарканддык карача уруусуна барып такаларын билбейби?
Жыйынтыктаганда, Атамбаев убагында саясый эмес, медициналык чоң маселе болсо, бийликтин ашкере либералдуулугунан улам гана, ал процедура ишке ашырылбаса, баласы да анын жолу менен бараткан жокпу? - деген ойлор туулууда. Бири аздык кылып, Кыргызстанга экинчи медициналык проблема да керек болуп жатат окшойт.
Булак: "Майдан.kg" газетасы