Печать
Категория: Коом
Просмотров: 308

4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого 4 күн калды. Шайлоо өнөктүгү сенцасиялуу окуялардын чуусунда өтүп жатат. Акыркы ызы-чуу “Биримдик” партиясынын төрагасы Марат Аманкуловдун “Орусиянын курамына кайра кайтышыбыз керек”- дегендей маанидеги видео кайрылуусуна байланыштуу болуп, жарандык активистердин акциясы менен коштолду. Маселени ар тараптуу талдоо максатында “Карышкыр” деген каймана ат менен белгилүү коомдук ишмер, саясат талдоочу Сабыр Муканбетовго суроо салдык.

- Сабыр агай, Марат Аманкуловдун: “30 жыл өз алдынчалыкта жүрүп эмне таптык, эми үйгө кайтууга мезгил жетти...” деген маанидеги сөздөрү коомчулукта кызуу талкууга алынып, элдин калың катмары жактырбай нааразы болууда. Сиз кандай кабыл алдыңыз?

- Биз орус калкы менен ысык-суукту, жаман-жакшыны бирге баштан кечирип келе жатканыбыз эки кылымга жакындап калды. Жалпы тарыхыбызда 1916-жылдагы Үркүн деген кара так дагы, анан өсүп-өнүгүү, билим берүү, агартуу, маданият жолундагы сан жеткис жетишкендиктерибиз, орток согуштук улуу жеңиштерибиз дагы бар. 
Тагдыр ушундай экен, акыры СССР деген улуу державанын ыдырашы менен өз алдынча мамлекет болуп миңдеген жылдары ата-бабабыз көксөп, жетпей келген көз карандысыздыкка да жетиштик. БУУнун алдында туубуз желбиреп, дүйнө жүзү таанып турат. 
Ошол эле убакта биз мурдагы СССР алкагындагы өнөктөштөр менен жылуу, достук мамиледе болгонго кызыктарбыз. Кыргыз Республикасы мамлекеттүүлүк тажырыйбасы жокко эсе, жаш, чакан, ресурстары өлчөмдүү мамлекет болгондуктан экономикалык жактан да, геосаясый жагынан да, көп жагынан жардамга, колдоого муктажбыз. Бизден кубаттуурак коңшуларыбыз Казакстан, Өзбекстан дагы Орусияга карап түздөнүп, таяныч катары, стратегиялык өнөктөш катары кабылдашат. ОДКБ, ЕАЭС башыбызды бириктирип, коопсуздугубузду, экономикалык өнүгүүбүздү камсыздоо үчүн куралган. 
Бирок, канчалык дос, тууган, боордош, өнөктөш болсок дагы, аларга, алар тургай, деги эле эч кимге кыйбай турган, бербей турган бир ыйык нерсе бар, ал дүйнө тааныган көз карандысыздыгыбыз, эгемен мамлекетибиз – Кыргыз Республикасы.
10-кылымга чейин Улуу Кыргыз каганаты дүйнөнү дүңгүрөтүп барып, акыры чачырап, жоготуп алганбыз. Ошол мамлекеттүүлүгүбүз - ХХ-кылымда, миң жылдан кийин кайра колубузга тийип туубуз көтөрүлдү. 
Өз алдынча эл болуу бактысы чекебизге жазылыптыр. Ошо миң жылда кыргыз деген атын унутпай, затын жоготпой, азап менен тозокту кечкен ата-бабалар көксөгөн максатка биздин муун жетти. Эми бу эгемендикти көздүн карегиндей сактоо биздин жана болочок урпактардын негизги милдети. 
Биз орус менен стратегиялык өнөктөшпүз, түбөлүктүү доспуз. Бирок биз эгемендигизден баш тартып Якут, Татар, Башкыр, Дагестан, Чеченстан ж.б. окшоп Орусиянын курамына кирип, эгемендүүлүгүбүздөн баш тартууга эч качан барбайбыз. Буга биздин эл эч качан жол бербейт. 
Албетте Марат Аманкулов, Райымкул Аттокуров, Абдыгул Чотбаев сыяктуу керт баштарынын кызыкчылыгы үчүн, саясый упай үчүн оруска ашкере жагалданууну адат кылып, отурган жеринде “оруска кошулабыз” деп оозун кере бергендер бар. Андайларды элибиз жек көрүп, сөгүп-сагып ордуна койуп атканын көрүп атасыңар. 
Андыктан бул куру убара. Шайлоого байланыштуу “Биримдик” партиясына каршы багытталган “кара пиар” дегендердики эле чындыкка жакын десек жаңылышпаспыз.

- 2020-жылдын февралында Орусияда өткөн жыйында айтылган сөздү шайлоодо сенсацияга айландырышты. Бул чуулгандуу маалымат элдин кулагын бир топ көтөрүп койду. Канчалык деңгээлде “Биримдик” партиясына кедергиси тиет деп ойлойсуз?

- Биринчиден, февралда болобу, андан мурунбу, кийинби(?), качан кайда болбосун, ким болбосун мындай “үйгө кайталы, оруска кошулалы” деген сөздү айтып, жакшы атты болбойсуң. Андыктан Марат Аманкуловду актап убара болуштун кереги жок. Ал жаңылды. Ит болду. Эми канчалык актанбасын толк жок, эл кыжырдана гана берет.
Экинчиден, ал партиянын төрагасы болгондуктан, анын айткандары албетте партиянын пикири катары кабылданып, “Биримдик” партиясын колдогон шайлоочуларга терс таасирин тийгизбей койгон жок. Айрым серепчилер, расмий эмес жыйындарды “50 миңдей шайлоочусу айнып тетири кетти” деп да баалап жатышат. 
Партиянын лидерлеринин бири Төрөбай Зулпукаровдун, ж.б. “Биримдик” партиясынын талапкерлеринин “эгемендик үчүн тикебизден тик турабыз, каныбызды, жаныбызды аябайбыз” деген, “түштөн кийинки” билдирүүсүнөн кийин коомчулук ойлонуп, окуя, кичине, бас-бас боло түшкөнсүдү. 
Шайлоонун шайтан оюну экени, арамзалар атайылап, “сары майдай” сактап келип таалу жерге уруп атканын эл туюп калды. 
Анүстүнө, бул партиянын көз карашы эмес, Марат Аманкуловдун жеке көшөкөрлөнүүсү экенин, шайлоо процессине чиркелбесе анын айтканы мынчалык резонанс жаратмак эместиги да белгилүү экени айтылды. 
Андыктан 50 миң айныдыбы, же азбы (?), айныгандар эсине келип кайра кайттыбы... анын баары божомол, белгисиз. Бирок, азырбы, же кийинби(?), кумалак кейиптенип калган Марат Аманкулов тууралуу маселе партияда каралышы керек го? 
Болбосо, элге баш көз болобуз деген партияда эгемендикти соодалап ийчү неме башчы болуп жүргөнү элдин ишенимин туудурбай, келечегине кедерги болоору айдан ачык. 
Аттиң тагдырдын адашканы... Андан көрө “Орто-Сай” базарындагы чочконун этин чапкан балтасын колдон түшүрбөй жүрө берсе эмне - дегиң келет.
Үчүнчүдөн, бул кара пиар канчалык “Биримдик” партиясына каршы жасалса, андан ашыгыраак бийликке – президент Сооронбай Жээнбековго каршы, өлкөдөгү саясый туруктуулукка каршы, орус-кыргыз алакасына каршы багытталган сокку болду дээр элем. 
Аны, бул “кара пиардын” дыкаат эсептелип, мурун-кийин эмес, Сооронбай Жээнбеков менен Владимир Путиндин жолугушуусуна утурлай чыгарылышы, жана ошондой эле, оппозициалык маанайдагы, оруска каршы, батышчыл күчтөр тарабынан кош колдоп колдоо таап, жөө жүрүш акциясына айланып кетиши эле айтып турат. 
Эми шайлоо деген ушундай экен. Эч ким эч кимди аябайт. Калпты чынды койгулатып болсо да атаандашыңды мокочо көрсөтүшүң керек экен. 
Ашынган, амалкөй политтехнологдор акты кара, караны ак кылып көрсөтүүгө маш экен. Жасалма ызы-чуулардын түтүнүнөн көшөгө салып, алагды кылып, алар чукуп көрсөткөндөн да башка, кооптуу, залакалуу коркунучтарды алып келе жаткан партияларды сүйрөп өтүп баратышат. Биз аны көргөнгө, укканга чамабыз жок.

- Өткөн маегибизде да ушу, атайын уюштурулган “кара пиар”, алагды кылуучу ызы-чуулар тууралуу сөз болуп, бирок кеңири камтыганга жетишпей калган элек. Азыр кеңириреек кеп салып берсеңиз. Кимдер, кандай максатта алагды кылуу менен алек дээр элеңиз?

- Шайлоо өнөктүгү кызыгандан берки убакытка көңүл бөлөлүчү. Кандай окуялар болуп, эмнени талкуулап, эмнеге көңүл бөлө албай калдык – деп ойлонуп сары эсеп салалычы. Биз “Кыргызстан” партиясынын, андан соң “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын ызы-чуусу, соттошкону менен алек болдук. Анан Аравандагы жана дагы башка жактагы жаңжалдар, мушташтар, анан “Баарына каршы”, эми болсо “Марат Аманкулов – “Биримдик” эгемендигибизге каршы экен, Оруска кошулабыз деп атышат”- деп бакырып атабыз.
А биз шайлоого чейин эмне деп кыйкырып жүрдүк эле. “Таможнядагы коррупция, Раим миллион камалсын!”- деп жүргөнбүз да. Ал сөздөр кайда калды? Анын баарын, бирин-экин айткандар гана калып, калгандарыбыз кандайча унутуп калдык? “Азаттык” радиосу да бул теманы унуттубу? Эмне болду? 
Көрдүңөрбү маселе каякта? Биз атайылап ыргытылган сенсациялуу окуяларды мүлжүгөндөн бошобой калдык. Муну политтехнологдор атайылап жасап, башыбызды айландырып койду. 
Натыйжада Раим-миллион баштаган ууру-кески, коррупционерлер, паракорлор, кылмыштуу топтун мүчөлөрү, эптеп депутат болсом болду деген энесин сатууга даярлар, жалпылап айтсак эл душмандары, “Мекеним Кыргызстан” деген партияга жамынып алып, алдынан чыккандардын баарына акча жаадырып, ты-ыынч парламентке өтүп баратышат го? Политтехнологдор түзүп берген “түтүн көшөгөнүн” аркасы менен. Бизде даже убакыт жок, аларды бир карап койгонго. Биз “занитпиз” да.
Өткөндө орустун бир саясат таанучусу: “- Бу кыргыздар, бир пландуу иш кылып оокат кылганга деле жарабайт, эл, коом деп айтканга өсүп жетиле элек, туш келген окуяларга реакция кылуу менен гана алектенген немелер”- деген сыяктуу ойду айтты. Арга жок мойундоого туура келет. 
Биздин бүгүнкү кебетебиз чынында эле ошондойбу? Окуяны туура баамдап, чын-бышыгын аныктап, кедергиси тийчүсүн бөлүп алып, андайга каршы чара көрүү, карапайым эл эле эмес, ишенген бийлигибиздин да колунан келбей калдыбы?
Керек болсо ошол “эл душмандары” бийликтин өзүнө асылып, “оруска кошкону жатыптыр”- деп, жалаа жаап, ит кылып атышат го? Шайлоого чейинки 4 күндө, ким билет дагы эмнени мүлжүгөнгө ыргытышаарын. 
А иш жүзүндө ким кимди кайда сүйрөп бара жатат? “Биримдик” оруска кошкону жатабы (?), же “Мекеним Кыргызстан” аркылуу кытай койнубузга сойлоп кирип келе жатабы? “Ползучая экспанция Китая” деген эл аралык термин бекерден чыгыптырбы? 
50 млн доллардан ашык акчаны чачып (бул 50 миң үгүтчүлөрго эле бергени, башкасы канча?), эртең парламентке киргенден кийин “гаремге”, ар кайсы фракцияга тымызын тарап,  ар ким минип кетчү “эшектерди” депутат кылып, Раим-миллионго эмне азап? Башы шишиптирби? 
Ал ар ким минген эшектерди анда санда, керек учурда бир чакырып, акча карматып, кытай кызыкчылыгына добуш бере турган “лобби” катары колдонуу Кытайдын гана колунан келет. Анткени акча аларга проблема эмес. А “Раим-миллион” анча эшекти түбөлүктүү багууга акчасы да жетпейт, ага ал керек да эмес. Ал болгону кытайлык уйгур, кытай КГБсынын тыңчысы Хабибулла Абдукадырдын “шныры”, ошонун ишин аткарып жатат. Раимди “уйгур экен” деген сөздөр да ошондон улам чыгып жатса керек. 
Себеби “Один пояс, один путь” деген “Жибек жолун” кайрадан жандандыруу планы Кыргызстанга келип такалып, Пекин-Париж темир жолу жылбай турат. 
Ошондон улам Кыргыз парламентинде кытайлык лобби жаратуу зарылчылыгы келип чыгып, ал иш, ошол өзүнүн уйгур элин кытай бийлигинин эзүүсүнө көмөктөшкөн тыңчы Хабибулла Абдукадырдын колу менен ишке ашырылууда. 
Андыктан “а-уу кыргыз, ойгон кыргыз!”- деп кыйкыргыла. 
Ошондуктан, “көзүңөрдү ачкыла, оруска кошулбай эле, кытайга кул болгону калдык!”- деп атам да.

Булак: "Майдан.kg" газетасы