Печать
Категория: Коом
Просмотров: 726

Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына болгон шайлоого 6-чакырылыштагы парламенттин 90у кайрадан депутаттык мандат үчүн ат салышууда. Бул басымдуу кѳпчүлүктү түзѳт. Кайра бараткан депутаттар  негизинен “Биримдик”, “Кыргызстан”, “Мекеним Кыргызстан” жана “Республика” партияларынын курамында баратат. 

Бул жагдай бизде депутаттык мандаттын кумары канчалык күчтүү экендигинен кабар берет. Колдорунан келишсе, 120 депутаттын баары эле кайрадан шайланып келгилери бар. Бирок каалагандардын баары эле парттизмеге кирип, шайлоого катыша албайт экен. Ага биринчиден, финансылык, саясий ресурстардын жетишсиздиги тоскоолдук кылса, экинчиден, партиялар катарына жаңы жүздѳрдү кошуу менен элдин добуштарын алууга аракет кылышат тура.
Азыр коомчулукта келерки чакырылыштагы Жогорку Кеңештин сапаттык курамы, депутаттардын  деңгээлдери, даярдыктары тууралуу сѳз болуп калат. Албетте, идеалында  чакырылыштан чакырылышка карай парламенттин  сапаттык курамы күчтүүлѳнүшү керек. Бирок ѳткѳн чакырылыштагы депутаттардын басымдуу кѳпчүлүгү кайрадан бараткан Жогорку Кеңешти буга чейинкиден мыкты болот деп айтууга болобу? Учурдагы парламент “чимкирик” атка конгон эле, келерки парламент кандай атка конот болду  экен?  

Булак: "Майдан.kg" газетасы