Ушинтип айтканга аргасызбыз. Учурда бир катар оор кылмыштары үчүн камакка алынып, айыпталып, соттук чечимдерди күтүп аткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кыргызстандыктарга кайрылуу жасап, анда алдыдагы шайлоодо эркин жана туура тандоо кылууга чакырыптыр.
Мурдагы президенттин шайлоо боюнча айткандарына, партияларга ийгилик каалаганына нааразычылыгыбыз деле жок. Бирок анын коррупция тууралуу сѳз кылганына унчукпай коё албадык. Азыркы шайлоого катышып жаткан партиялар коррупцияга каршы сѳз жүзүндѳ эмес, иш жүзүндѳ күрѳшүп жаткандыгын айтыптыр.
Ушу коррупцияга каршы күрѳш тууралуу башкасы сүйлѳсѳ да, мурдагы президентибиз ооз ачпай эле койсо. Эгерде коррупцияга каршы күрѳштү чындап колдоп, ага каршы болсо, ал президент болуп турганда ири коррупциялык афера ишке ашырылмак эмес, баш кесер абактан чыгарылып, мекенине узатылмак эмес. Ѳзү бүгүн минтип абакта отуруп алып, кылган кылмыштуу иштери үчүн жооп бербейт эле. Аргасыздан “эчки тууй албай жатып…”- деген сѳз эске түшпѳй койбойт экен…
Булак: "Майдан.kg" газетасы