Печать
Категория: Коом
Просмотров: 96

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин мыйзамсыз баюусу боюнча соттук отурум өтүүдө.

Мамлекеттик айыптоочу өз сөзүндө Зилалиевди 10 жыл 6 айга эркинен ажыратып, 900 эсептик көрсөткүчкө айып салууну суранды.

Эскерте кетсек, КРнын Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин "Жооптуу кызматты ээлеген кызматкердин мыйзамсыз баюусу" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Иликтөө иштери УКМКнын башкы тергөө башкармалыгына тапшырылган.

Булак: Кабар