Печать
Категория: Коом
Просмотров: 157

- “Мекенчил” партиясына элдин көз карашы түз болуп жатат. Башка партияларга айтылып жаткан сындар, маселен, “араңарда мамлекетке зыян келтирген адамдар бар экен” деген сындуу аман сөздөр бизге айталган жок. «Мекенчил» партиясын колдоп жатканы, Кыргызстандагы эң чоң коррупциялык схеманын бири, алдыңкы орунда турган «Кумтөрдү» кайтаруу болууда. С.Жапаровдун «Кумтөр» боюнча түрмөдө отургандыгы эл ичинде көп айтылып жатат. Өлкөдөгү көрүнүктүү лидердин бири, бычакка сап болчу жигиттин түрмөдө отурганы абдан кейиштүү экени сөз болууда. Кечээ башка партияга үгүт жүргүзгөн бир таанышым бир үй-бүлөгө барса: “силер капа болбогула, мен өзүмдүн үй-бүлөмдү Садыр Жапаровго таштатам. Ал жигит акыйкаттык үчүн, эл-жер үчүн түрмөдө отурат, биз аны бошотушубуз керек. Аялым башка партиядан акча алып добушун сатса талагын берем, балдарым башкага берсе ата дебесин”- деп, партиянын үгүтчүсүн узатыптыр. Бул дагы «Мекенчил» партиясына болгон ишеним. Андан сырткары, «Мекенчил» партиясына келип, «эч кандай кызмат акыңардын кереги жок, биз силерге бекер иштеп беребиз» деп жатат. Кыскасы, «Мекенчил» партиясына элдин ишеними чоң болууда.