Печать
Категория: Коом
Просмотров: 273

- “Мекенчил” партиясынын башында тургандардын бири Садыр Жапаров жеке өзүнүн керт башынын кызыкчылыгы үчүн эмес, мамлекеттин байлыгын кайтарам, “Кумтөрдү” элге өткөрөм деген өксүктүк негизинде азапка малынып, бүгүнкү күнгө дейре кордук көрүп келе жатат. Партиянын дагы бир лидери Камчыбек Ташиев - дээринен мекенчил жигит, чыныгы патриот десем жаңылышпайм. Атамбаевдин адилетсиз бийлиги 2013-жылы Камчы, Садыр, Талантты камаганда мен тикемен тик туруп колдогом. Булар эртең кыргыздын керегине жарайт деп кыйкырып, Икрам шопурдун балдарына каршы пикирлеримди айтып, балдардын духун көтөрүп жүргөм. Азыр Камчы менен Садырдын партиясы эл оозуна алынып жатканын байкап жатам. Бирок, алакөөдөн Камчыны дагы бирөө жарым пайдаланып кетпесе деп чочулайм. Анткени, Камчы менден бетер аккөңүл, энөө. Мекенчилдер табиятынан алакөөдөн, ичинде кири жок болот. Анын айынан өмүр бою бирөөлөргө жем боло берет. Ушундайбыз. Илгерки бабаларыбыз да ушундай болгон экен. Манас бабабызды да “эрдиги бар, эси жок” деп сүрөттөгөн жерлери бар. Ошого карап Камчыны дагы бирөө пайдаланбаса дейбиз. Чын чынына келгенде алакөөдөн, кең пейилдигин буга чейин далайы пайдаланбадыбы. “Ата-Журт” партиясын коалицияга киргизип Атамбаев, спикер болуп Келдибеков, партиясын парламентке өткөрүп Бабанов пайдаланды. Бирок, элдин алдында жүзү жарык калды. Досту сатпаган абийири бар, дээри таза, уяттуураак эле деп эл-журт дагы ошонусунан колдоп жатат. Камчынын эрки күчтүү экен, Атамбаев жаманатты кылуунун түрдүү жолдорун пайдаланды, балдарына чейин тийишти, А.Сулаймановду тукурду, бирок сынбады. 
Мен ушул жерде бир чындыкты айта кетейин, баягыда шишке сайылып шымы айрылды деп шылдыңдашпады беле. Мен анда Акүйдө конфликтолог болуп иштеп жүргөм, аныгын билем, Камчыны элге жаманатты кылып, коом алдында келекелеп, сындырыш үчүн ушундай ушак чыгарышкан. Темир тордон ашып өткөндө аскердин бири резина ок менен санына аткан. Камчы ачууланып аны кубалаганын баары билет. Анан Атамбаевдер “спецболницадагы” Гүлмира Баитова деген врачты жалдашып, анын оозу менен “ок тийген эмес, темир кириптир” дедиртип айттырган. 3 күндөн кийин ал кызматы үчүн Баитованы деректир кылган. Ошондон баштап ал Атамбаевдин аялынын курбусун жандап, үй-бүлөлүк ишчараларга катышып калды. Алакөөдөн бала аны таназарга албай, сүйлөй бергиле деп койду, бийликтин кошоматчыларды ой-да бир келекелешти. Камчы ошондой кордуктарга чыдады. Эң башкы эрдиги 2010-жылда жасалган, аны эч ким унутпайт. Кыргызстандын бүтүндүгүн сактап калды да. Түштүктө жалгыз чуркап, элди ынтымакка чакырып жүрдү. Биз күнүмкү маалыматты күндө угуп жаттык, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн бири дагы барбай, балакетке кабылбайлы деп качып жүргөн. Ушул жагынан да көкүрөгү таза, барпалаңдаган чыныгы кыргы жигити экенин байкасак болот. Чегара маселесинде тажиктин иритки генералына жалгыз жооп кайтарып, бир сантиметр жерди дагы бербейбиз дегени элдин духун көтөрдү. Болбосо “Атамбаев, Мадумаров барына тойдук, эми Россияга кошулабыз” деген ураандар чыга баштаган. Алардын духун Ташиев көтөрдү да. Кыскасы, учурда «Мекенчил» партиясы өтө тургандай таасир жаралып калды. Ийгилик гана каалашыбыз керек.

Булак: "Майдан.kg" газетасы