- “Мекенчил” деген партияны учкан куштун эки канаты сыяктуу же болбосо кыргыздын түндүк жана түштүк аймактарынан кыргыздын накта мекенчил жарандары Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевдер достор ушул партияны түзүштү. Садыр Жапаров бешинчи чакырылыштын депутаты болуп турганда “Кумтөр” алтын кени жана чек ара маселелери боюнча бийликке жакпаган көп сырларды жетишээрлик деңгээлде ачыгы менен толук түрдө айтып берди. Ушул “Мекенчил” партиянын негизги программаларын шайлоодо Кудай буйруп, биздин партиядан депутат өкүлдөрүбүз барып, КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттар курамы ушул партиянын программасын андан ары улантып, бийликтин көзүн ачып, жакшы мыйзамдарды жаратып, ал мыйзамдар инвалид же паралич мыйзам болбой элдин жашоосунда социалдык көптөгөн багыттарда пайдасы тийген мыйзам жаратса деген бизде чоң үмүт. “Көч бара, бара түзөлөт” дегенде бийлик башкаруу системасы дагы оңолуп, эл пайдасына иштей баштайт деген ойдомун.
Булак: "Майдан.kg" газетасы