Ѳлкѳдѳ түзүлгѳн пандемиялык абал ѳлкѳнүн бюджетине сезилерлик сокку уруп, министрлик, ведомстволор ѳздѳрүнүн бюджеттерин кайрадан карашып, кыскартууларга барышууда.
Каржы министрлиги приоритеттүү эмес багыттарга каралган чыгымдардын ѳлчѳмүн кыскартуу зарылдыгын билдирген болчу. Жогорку Кеңеш да пандемиядан кийинки кырдаал талап кылган кыскартууга барып, быйылкы жылдагы бюджетин 10,3 %га кыскарткандыгы белгилүү болду. Эгерде парламенттин 2020-жылдагы чыгымдары 774,4 млн. сом болушу керек болсо, кайра кароодон кийин 694,8 млн. сомду түзүп, 79,6 млн. сомго кыскарды.
Булак: "Майдан.kg" газетасы