Печать
Категория: Коом
Просмотров: 153

- Шайлоо процессине байкоо жүргүзүп жаткан “Келечекке Жол” мониторинг борбору КР Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо процессинде суверендүү мамлекет Кыргыз Республикасынын ички ишине тышкы кийлигишүү фактысын аныктады.
USAIDдин колдоосу менен SIAR Research and Consulting жана “Жалпы Иш” (“Общее Дело”) коомдук фонду тарабынан жүргүзүлгөн социологиялык изилдөөлөр көрсөткөндөй, эл аралык өкмөттүк эмес уюмдар изилдөө жүргүзүү шылтоосу менен коомдогу кырдаалды туруксуздаштырууга аракет кылып, кээ бир партиялардын рейтингин жасалма жол менен көтөрүп, айрым партиялардын позициясын атайылап төмөн баалап, коомдук пикирди өзгөртүп, ошону менен парламенттик шайлоонун алдында Кыргыз Республикасынын ички иштерине кийлигишип жатышат.
Сурамжылоолордун натыйжалары - белгилүү коомдук ишмерлер, саясатчылар, эксперттер жана өлкөнүн калкы тарабынан кескин сынга алынып, парламенттик шайлоонун алдында алыскы максаттарды көздөгөн чет элдик эл аралык уюмдар тарабынан жасалма жана чагымчыл маалыматтарды таратуу болуп жаткандыгын бир ооздон билдиришет.
Ушундай күмөндүү изилдөөлөрдү каржылаган эл аралык чет элдик уюмдар бир жактуу, такталбаган жана текшерилбеген маалыматтарды жайылтып, өздөрү каалаган натыйжаны жарыялоо менен коомдук пикирди алаксытып, калк арасында алдыдагы шайлоолор таза, калыс, кооптуу жана адилеттүү өтөөрүнө шек туудуруп жатат. Шайлоонун жыйынтыгы чыккан күнү, анын жыйынтыгы SIAR жана “Общее Дело” жүргүзгөн сурамжылоодогудай чагылдырылбайт деген бир тараптуу пикир атайылап түзүлүп, нараазычылык отун түптөп жатышат.
Белгилей кетсек, Аида Сүйүндүева жетектеген ушул кезге чейин белгисиз болгон “Общее Дело” коомдук фонду 2019-жылдын күзүндө ЮСАИД тарабынан грант жарыяланар алдында гана түзүлүп, учурда алардын эсебинен иштеп жатат. Грант алуу учурунда уюмдун кеңсеси, штаты жок, шайлоого байкоо жүргүзүү үчүн тажрыйбасы же каражаты болгон эмес. Ачык булактар көрсөткөндөй, белгисиз бул бейөкмөт уюмга бир эле мезгилде чет элдик донорлор тарабынан тендерлерди, конкурстарды, тренингдерди, сурамжылоолорду өткөрүү жана шайлоо процессинин коомдук байкоочуларынын топторун түзүү тапшырылган.
Эми коомчулук бул дискредитациялоодон өткөн уюмга эл аралык донорлор тарабынан байкоочулар командасын түзүү үчүн 1 миллион 200 миң АКШ доллары бөлүнгөндүгүн билишет. Муну кандай түшүнсө болот?
Коомчулук, ата-мекендик саясатчылар, коомдук-ишмер жана укук коргоочулар жана айрым бейөкмөт уюмдар “Общее Дело” бейөкмөт уюмуна ИШЕНИМ КӨРГӨЗБӨЙТ! Ал эми чет мамлекеттер жана эл аралык донорлор, тескерисинче, аталган “Общее Дело” уюмуна эбегейсиз көп акча бөлүү менен аларга колдоо көрсөтүп жатышат.
Жогоруда аталган коомдук уюмдар "Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 40-беренесин жана шайлоо процесстерине чет өлкөлүк кийлигишүүлөрдүн жол берилбестигин белгилеген башка мыйзам ченемдерин бузуп жатат деп эсептейбиз. Жогоруда айтылгандардын негизинде, Кыргыз Республикасында шайлоо процессине чет элдик элементтердин кийлигишүүсүнө жол берилбестигин жетекчиликке алып, шайлоо процессинин дестабилдешине жол бербөө максатында, “Общее Дело” коомдук фондунун байкоочуларын аккредитациялоодон баш тартууну өтүнөбүз.

Булак: "Майдан.kg" газетасы