Есоnomist.kg басылмасы учурда “Биримдик” партиясынан шайлоого катышып жаткан мурдагы депутат Эльмира Жумалиева декларациясында эки фирмасын кѳрсѳтпѳй, жашырып койгонун жазып чыкты.
Маалыматта айтылгандай, ал 2010-жылы негизделген “Еndomed” ЖЧКсы тууралуу эч кандай маалымат кѳрсѳткѳн эмес. Аталган фирма Бишкек шаарында жалпы дарыгердик кызмат кѳрсѳтүүлѳр менен иш алып барып келет. Эльмира айымдын медицинага тийешеси жок болсо да, бул жаатта бизнеси бар экенине таң калып кереги жок. Анткени, анын жубайы медицинанын доктору, белгилүү балдар врачы.
Экинчи жашырган ишканасы “Бейкам” деп аталат. 1999-жылы ачылган. Бишкек шаарында байланыш тармагында иш жүргүзүп келет. Декларациядагы маалыматтарга ишенсек, Эльмира айымдын 13 жер тилкеси, бир үйү, бир кыймылсыз мүлкү бар экен.
Албетте, мүлктѳрүн жашырып койгон жалгыз эле Эльмира Жумалиева эмес. Дээрлик барык эле чиновниктер, депутаттар толук түрдѳ кѳрсѳтүшпѳйт. Бул жаатта мыйзамдык документтерге бир катар ѳзгѳртүүлѳр киргизилгендигине карабай, жаап жашыруу уланып эле келүүдѳ. Ал үчүн декларация ээлери эч кандай жоопкерчилик тартышпайт.
Булак: "Майдан.kg" газетасы