Печать
Категория: Коом
Просмотров: 139

WhatsApp, Skypе, Viber жана башка тиркеме-мессенджерлердин кеңири таралышынан жана үн байланышынын наркынын арзандашынан улам уюлдук мобилдүү байланыш кызматына болгон суроо-талап азайды.
Мындай маалыматты Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин “Санариптештирүү: Кыргыз Республикасындагы байланыш кызматы” деп аталган кыска баяндамадан көрүүгө болот. Комитеттин 17-сентябрда жарыяланган статистикалык документинде Кыргызстандагы уюлдук мобилдүү байланыш, интернет кызматы жана телерадиоберүү рынокторундагы тенденциялар талдоого алынган.
Статистикага ылайык, өлкөдө маалымат кабыл алуу жана таратууда интернетке негизделген жаңы маалыматтык-коммуникациялык технологиялардын орду чоңоюп баратканын көрүүгө болот. Баяндамада жазылгандай, 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча уюлдук мобилдүү байланыш кызматынан түшкөн киреше 12 млрд сомду түзүп, 2018-жылга салыштырганда 13% азайганын көрсөтөт.
Ал эми, бул мезгилде интернет колдонуу кызматы тескерисинче 23% өскөн, бул 4,5 млрд сом болот. “Кыргызстанда интернет аркылуу байланыш кызматын көрсөтүү өсүп жатканы байкалат. Эгер 2015-жылы анын жалпы байланыш кызматынын көлөмүндөгү үлүшү 10,5% түзгөн болсо, 2019-жылы бул көрсөткүч 36,2% жеткен.
Муну менен катар, интернет желесин колдонуучулардын саны 5,8 млн абонентти түзүп, 2015-жылга караганда 1,2 эсеге көбөйгөн. Интернет каналдарын колдонуу кызматынын көлөмү 2019-жылы 8 млрд сомдон ашып, 2015-жылга караганда дээрлик 3 эсеге өскөн”, - деп маалымдалат документте.
Кыргызстанда уюлдук мобилдүү байланыш кызматын 3 уюлдук оператор алып барат. Алар: “Скай Мобайл” ЖЧКсы (“Билайн” соода маркасы), “Альфа Телеком” ЖАКы (“Мегаком” соода маркасы) жана “Нур Телеком” ЖЧКсы (“О!” соода маркасы). Бул уюлдук компаниялар республикадагы бардык байланыш кызматынын 70% ашуунун тейлешет.
2019-жылы өлкөнүн Ички дүң өндүрүмүндө байланыш кызматынын үлүшү 2,6% түзгөн. Бул тармакта иш алып барган ишканалар менен уюмдардын жумушчуларынын саны 7,6 миң кишиге жетет. 2019-жылы байланыш кызматын көрсөткөн операторлордун тапкан кирешеси 23 млрд сомду түзгөн. Кирешенин басымдуу бөлүгү (51% ашуун) уюлдук мобилдүү байланыш кызматына, а интернет колдонуу кызматына 36% ашууну туура келет.

Булак: "Майдан.kg" газетасы