Кыргыз тилине салым кошууну өзүңдөн башта деп ӨҢҮнү колдонуп, катасыз жазганга аракет кылам.
Ката жазгандарды, мени жаман көргөнүнө карабай, эскертем. Мени жаман көрүшсө көрө беришсин. Тилдин өнүккөнү - мамлекеттин өнүккөнү. Мамлекеттүүлүктүн күчөгөнү. Мен го жаман көрүнсөм деле жашай берем.
"Бир-эки катадан эч нерсе болбойт" деген сөз атайын жайылтылып жатат. Кичинекей эле каталардан башталат баары.
Ката жазган адам - көп окубаган адам. Көп окубаган адам - сабатсыз адам! Сабатсыз, маалыматсыз адамдар САБАТТУУ ЧЕЧИМДЕРДИ кабыл ала алышпайт.
Сабатсыз чечимдер өлкөнү көптөгөн машакаттарга кириптер кылышат. Керек болсо, өлкөнү талкалаганга чейин алып барышат.
Көчөдө, коомдук жайларда, мамлекеттик мекемелерде тилдин жайылышына, тилге болгон талаптын өсүшүнө салым кошуу зарыл.
Бул ар бирибиздин колубуздан келет.
Кыргызча сүйлөп дагы жаман көрүнүп келген жагым бар. Мен го анча деле маанилүү эмесмин, жаман көрүнсөм көрүнө берем... Өлкөнүн өнүгүшү маанилүү. Баары эле ыңгайын издеп, куйругун түйүп же сылаң короздоно берсе, чындыкты ким айтат?
"Бир Мамлекет - Бир Мамлекеттик Тил" принциби түшүнүшүүнүн, өнүгүүнүн, тартиптин жана мамлекеттүүлүктүн бекемделишине жол ачат.
Калган көптөгөн тилдер бизнестин, маданияттын, баарлашуунун жана маалымат алып-берүүнүн тилдери бойдон кала берет. Мамлекет менен "сүйлөшкөндө" бир эле мамлекеттик тилди колдонуу ырааттуу бир системага салат баарыбызды.
Мамлекеттик тилибизди сыйлап, аны КЕНЕН КОЛДОНОЛУ!